БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Транспорт жана байланыш министрлигинин алдындагы Авто жана суу унаа агенттигинин кызматкерлери мыйзамсыз айлык акы төлөө менен мамлекетке 2 миллион сомго чукул материалдык зыян келтиргенин УКМК аныктаган.
Маалыматка ылайык, мекеме аудитордук текшерүүгө алынып, натыйжада 2013-2014-жылдардын аралыгында агенттиктин жетекчилиги бир адиске түрүндө 334,6 миң сомдун ордуна мыйзамсыз түрдө 1 миллион 792 миң сом которсо, мурдагы бөлүм башчысына негизсиз түрдө 64,4 миң сом төлөп берген.
Мындан улам мамлекеттик казынага 1 миллион 856,5 миң сом зыян келтирилип, факт боюнча Башкы прокуратура "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу" беренелерине ылайык кылмыш ишин козгоду.