БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бишкектеги Безымянная көчөсүн реконструкциялоо иштери аяктаганын мэриянын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган көчө жол кыймылы үчүн кечээтен баштап ачык болууда.
Капиталдык ремонт учурунда жолго эки катмарлуу асфальт төшөлгөн. Жакын арада тротуарларды орнотуп, жол чийиндерин түшүрүү боюнча иштер аягына чыгарылмакчы.