БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери облустун 16 тургуну Сириядагы согушка кеткени аныкталгандыгын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Облустук ички иштер башкармалыгы бардык материалдарды прокуратурага өткөрүп берген. Ошондой эле, экстремисттик материалдардын жайылуусуна каршы чаралар көрүлүп жатат.
"9-ноябрда ИИМдин кызматкерлери 26 жаштагы К.М. аттуу жаранды кармашкан. Ал Россияга араб тилиндеги үч таңгак китепти жиберүүгө аракет кылган", — деп айтылат билдирүүдө.
Андан сырткары Баткен облусунун күч түзүмдөрү учурда Сириянын согуш болуп жаткан аймактарында 22 жаштагы Лейлек районунун тургуну жүргөнүн аныкташкан http://sputnik.kg/incidents/20151112/1020038530.html. Ал буга чейин интернет аркылуу видео кайрылуу тараткан болчу. Аталган факты боюнча бардык материалдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке берилген.