Акталбаган мээнет, арзандаган картошка

© Фото / Айша КамиловаАкталбаган мээнет, арзандаган картошка
Акталбаган мээнет, арзандаган картошка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдөгү дыйкандардын көпчүлүгү картошканын баасы арзан болуп жатканын айтууда. Алардын сөзүнө караганда, бул жашылчаны өстүрүүгө кеткен эмгек акталбай жатат.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Быйыл картошканын баасы былтыркыга салыштырмалуу дээрлик эки эсе арзан экенин аймактагы дыйкандар билдиришүүдө. Алардын ичинде быйыл баа жакшы болот деген ой менен гектарлап айдагандары да бар. Өзүн Канатбек деп тааныштырган ысык-көлдүк дыйкан 1,5 гектардан ашык жерге картошка эккенин айтат.

"Чек аралар ачылып, баасы жакшы болот деген тилек менен жазында 1,5 гектардан ашык жерге картошка сепкенбиз. Эми аны жыйнап алып, сата албай отурабыз. Чоң-чоң картошкаларды алармандар 6-8 сомдон алууда. Бул акча кеткен чыгымдарды актабайт", — дейт ал. 

Төө бурчак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Талас: баасы түшкөн төө буурчак, жаны күйгөн дыйкандар
Көлдүк дыйкандар былтыр картошкаларын дүңүнөн 15 сомдон жогору өткөргөнүн айтышууда.

Өлкө аймагында аталган оокат Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарында абдан арзан. Таласта бир килограммы 5-6 сомдон сатылууда. Замир аттуу жергиликтүү дыйкан жазында үрөнүн эле 30 сомдон сатып алып айдаганын айтат. Ушундай эле көрүнүш Нарын облусунда да кездешет. Ат-Башы районунун тургундары да быйыл картошканы гектарлап айдашкан. Алардын да мээнети акталбай жатканын райондун тургуну Мурат Садыков айтат.

"Былтыр 15 сомдон сатканбыз. Быйыл да баа ушундай болот деген тилек менен 1-2 гектар айдагандар бар. Ошолорго убал болду. Картошка баа болбосо алар күйүп кетет. Чирип кеткендерин 90-жылдардагыдай болуп сайларга тонналап төкпөсөк экен деп кабатыр болгондор андан көп", — дейт ал.

Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг башкармалыгынын башчысы Жумабек Асылбековдун айтымында, быйыл Кыргызстанда картошканын түшүмү дурус болду.

"Быйыл республика боюнча картошканын түшүмү мол болду. Андыктан алардын көп болушу баага да таасир берүүдө. Биз картошканын 80 пайызын Россия менен Казакстанга экспорттойбуз. Ал жакта да түшүм жакшы болуп, жыйноо иштери бир маалга туура келгендиктен баалар арзан болууда", — дейт ал.

Күз күрөш. Дыйкандар бир жылда эки түшүм алганга аракеттенишүүдө
Картошканын арзан болушу сезондук көрүнүш экенин Асылбеков баса белгилеп, кыш келип, суук түшкөндөн кийин анын баасы көтөрүлөт деп министрлик болжолдоп жатканын кошумчалады. Алардын божомолуна ылайык, картошканын баасы 15 сомго чейин чыгышы мүмкүн. Быйыл чет жакка 50-60 миң тоннадай картошка экспорттолгон. 

Кыргызстандык дыйкандардын өстүргөн түшүмүн сатуу үчүн Айыл чарба министрлиги коңшу Казакстандын Жамбыл облусунда болгон ири жармаңкеге аларды эки жолу катыштырган. Бирок, жол алыс болгондуктан, транспортко көп чыгым кеткен. Эми Казакстандын Мерке аймагында жармаңке уюштурууну пландап жатканын министрликтен кошумчалашты.

Аталган мекеме андан сырткары кыргыз-казак чек арасындагы Юнус Дунларов көпүрөсү турган аймакта да Ысык-Көлдүн, Нарындын, Кочкордун дыйкандары үчүн жарманке уюштуруу пландары бар экенин билдирди.

Картошканын аймактардагы болжолдуу баасы
Картошканын аймактардагы болжолдуу баасы - Sputnik Кыргызстан
Картошканын аймактардагы болжолдуу баасы

Жаңылыктар түрмөгү
0