БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. 2016-жылдан баштап Жалал-Абад, Баткен, Ош, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын кыргыз, орус жана өзбек тилдүү 11 мектепке россиялык "Школьник ТВ" телеканалынын берүүлөрү көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу Росскызматташуу билдирди.
Росскызматташуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Крусткалндын айтымында, бул жаңылык атайы долбоордун алкагында ишке ашууда.
Жетекчи 2013-жылы жетишилген келишимге ылайык, "Школьник ТВ" каналына Кыргызстандын ар кыл райондорунда жайгашкан 29 орус тилдүү мектептер кошулганын белгилеп өттү.