Ат-Башыда быйыл мал менен картошка ит бекер

© Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүСарайдагы уйлар. Архив
Сарайдагы уйлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү дыйкан менен малчылардын мээнети акталбай жатканына жергиликтүү тургундар нааразы.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районунда быйыл мал арзан болуп, эл кыйналып жатканын жергиликтүү тургун Мурат Садыков билдирди.

Анын айтымында, учурда семиз жылкылар 60-65 миң сомдун айланасында болууда.

"Мал абдан арзан болуп жатат. Мисалы, былтыр семиз жылкылар 75-80 миңден кем болгон эмес. Азыр ошондой эле таман чыкчу жылкыларды 65 миңге араң сатып жатабыз. Башка бодо малдын деле баасы чыкпай жатат. Килкилдеген семиз уйларды 40-45 миңден сатсак, быйыл аларды 30 миң сомго сата албай жатабыз", — дейт ал.

Андан тышкары, быйыл картошканын баасы да түшүп кеткен. Алармандар жергиликтүү дыйкандардан картошканы тандап туруп 3-4 сомго алып жатканын Садыков кошумчалады.

"Картошканы гектарлап айдагандар бар эле. Алардын мээнети такыр эле акталбай жатат. Күз башталганда 5-6 сом болуп жаткан, азыр үч сомго чейин түшүп кетти", — дейт жергиликтүү тургун.

Былтыр ат-башылыктар картошканын желе деген түрүн 30 сомдон сатышканын Садыков кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0