Шаар окуучуларына Жаңы жылга карата 4 тонна момпосуй сатып алынат

Жазылуу
Бул максатка 1 миллион 118 миң сом сарптоо каралган. Жарыяга ылайык, таттуулар 1,7 килограммдан оролот.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Бишкек мэриясынын алдындагы билим берүү башкармалыгы окуучулар үчүн таттуу белектерди сатып алууга сынак жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулардын порталында жайгашкан маалыматка ылайык, буга 1,12 миллион сом сарптоо каралууда.

Окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окуучулар милициянын иши менен жеринен таанышты
Улуттук статистикалык комитеттин айткан наркка караганда бул каражатка 4 тоннадан ашуун момпосуй келет. 

Ар бир пакетте печенье, карамель жана шоколаддар болушу керек. Бир белектин салмагы 1 килограмм 700 грамм болот.

Мындан тышкары, талап боюнча таттуулар кооз жасалгаланышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0