Кыргызстандын театр сахнасында жана киноөнөрүндө жүздөгөн образдарды жараткан таланттуу актриса көптөрдүн эсинде ошол келбеттүү, ошол сөөлөттүү образдары менен калды.
Кыдыкеева алгачкы кадамын 1936-жылы Бишкектеги жаш көрүүчүлөр театрынан баштаптыр. Чыканактай кыз алгачкы ирет сахнага 14 жашында чыгып, испаниялык драматург Лопе де Веганын "Койлуу булак" чыгармасындагы Лауренсиянын ролун аткарган экен.
Драматург жана театр таануучу Жаныш Кулманбетов болочок актрисанын сахнага чыгышына атасы каршы болуп, кийин кызынын талантын урматтаган, эң жакын күйөрмандарынан болуп калгандыгын Sputnik маалымат сайтына айтып берди.
Кыдыкеева 1941-жылы Ысык-Көлдөгү драма театрында, ал эми Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Нарын театрында иштеген. Кыдыкеева чыгармачылыгынын жана өмүрүнүн көп бөлүгүн Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына арнап, ал жерде 1989-жылга чейин эмгектенген. 1990-жылдардан көзү өткөн 1993-жылга чейин Кыргызстандын жаш көрүүчүлөр театрында иштеген. Кийин өмүрүнүн акыркы жылдары иштеген театрга ысымы ыйгарылган.
Анын аткарган ролдорун азыр пенсия жашына таяп калган улуу муун суктануу менен эскерет.
Ал эми кино жаатында биринчилерден болуп кыргыздын алгачкы толук метраждуу көркөм фильми "Салтанатта" Салтанаттын ролун ойногон.
Андан сырткары экранда Бурма ("Токтогул"), Райхан ("Ашууда"), Азиз эне ("Тайгак кечүү"), Кара катын ("Биринчи мугалим"), Толгонай ("Саманчынын жолу"), Жайдар ("Жаныбарым Гүлсарым"), Хадыша ("Караш-Караш окуясы"), Сейилдин ("Көчө") ролдорун жараткан.
Бакен Кыдыкеева 1993-жылы 30-декабрда андан 57 жыл мурда сахнасын аттаган Кыргызстандын жаш көрүүчүлөр театрында иштеп жүргөн учурда жол кырсыгынан каза болгон.
![Кыргыздын улуу актрисасы, Кыргыз ССР эл артисти, СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева көзү тирүү болгондо бүгүн 92 жашка чыкмак Кыргыздын улуу актрисасы, Кыргыз ССР эл артисти, СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева көзү тирүү болгондо бүгүн 92 жашка чыкмак - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101945/75/1019457509_0:0:1737:2000_600x0_80_0_1_9a6d5c503fa3caccb98117205839ff87.jpg)
![Бакен Кыдыкеева кыргыздын алгачкы толук метраждуу көркөм фильми Салтанатта Салтанаттын ролун ойногон. Киножаатындагы сынчылар бул тасманы Улуттук көркөм маданияттын символуна айлангандыгын айтып келишет Бакен Кыдыкеева кыргыздын алгачкы толук метраждуу көркөм фильми Салтанатта Салтанаттын ролун ойногон. Киножаатындагы сынчылар бул тасманы Улуттук көркөм маданияттын символуна айлангандыгын айтып келишет - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101945/76/1019457656_0:0:1544:1827_600x0_80_0_1_9df23f678000d0c5cf130f9d75c19720.jpg)
![Режиссер Алексей Сахаров жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Кызыл жоолук жалжалым чыгармасынын негизинде Ашуу тасмасын тартып, Райхандын ролун Кыдыкеева аткарган. Сүрөт Долон ашуусунда тартылган Режиссер Алексей Сахаров жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Кызыл жоолук жалжалым чыгармасынын негизинде Ашуу тасмасын тартып, Райхандын ролун Кыдыкеева аткарган. Сүрөт Долон ашуусунда тартылган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101945/77/1019457712_0:0:1760:1260_600x0_80_0_1_07f0b1c31ca53304df843ab1ab4eec7b.jpg)
![Жылдызы жанган бул кыз кийин сахнада мыкты ролдорду жараткан улуттун сыймыгы болгон улуу талантка айланды Жылдызы жанган бул кыз кийин сахнада мыкты ролдорду жараткан улуттун сыймыгы болгон улуу талантка айланды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101945/77/1019457794_0:0:1740:1640_600x0_80_0_1_7646bdc57514f9a286450e4debaabdf3.jpg)
![Театр сынчылары актрисага трагедия менен комедияны бирдей ойноп кеткен көп кырдуу талант катары жогорку баасын беришкен Театр сынчылары актрисага трагедия менен комедияны бирдей ойноп кеткен көп кырдуу талант катары жогорку баасын беришкен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101945/80/1019458030_0:0:1356:1843_600x0_80_0_1_7d1c7c0706f52fcc9cb7b60cf6fa4851.jpg)
![Бакен Кыдыкееванын аткарган ролдорун азыр пенсия жашына таяп калган улуу муун суктануу менен эскерет. Бул талант өмүрүнүн акыркы демине чейин театрдан кеткен жок Бакен Кыдыкееванын аткарган ролдорун азыр пенсия жашына таяп калган улуу муун суктануу менен эскерет. Бул талант өмүрүнүн акыркы демине чейин театрдан кеткен жок - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101945/81/1019458126_0:0:1457:2000_600x0_80_0_1_b3c24bd64305057d07ec28318b7521ae.jpg)
![Геннадий Базаровдун Көздүн кареги тасмасында дагы бир залкар актер Болот Бейшеналиев менен бирге ойногон. Актердук чеберчилиги үчүн Бакен Кыдыкеева 1977-жылы Рига шаарындагы бүткүл союздук кинфестивалда атайын номинацияга ээ болгон Геннадий Базаровдун Көздүн кареги тасмасында дагы бир залкар актер Болот Бейшеналиев менен бирге ойногон. Актердук чеберчилиги үчүн Бакен Кыдыкеева 1977-жылы Рига шаарындагы бүткүл союздук кинфестивалда атайын номинацияга ээ болгон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101945/82/1019458255_0:0:2000:1519_600x0_80_0_1_bd381508f61312c4130b975d7fc35643.jpg)
![Көздүн кареги кинокартинасындагы экран артындагы учурлар. Кыдыкеева ролун кайрадан кайталап, кээ бир жерлерин жаттап жаткан учуру Көздүн кареги кинокартинасындагы экран артындагы учурлар. Кыдыкеева ролун кайрадан кайталап, кээ бир жерлерин жаттап жаткан учуру - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101945/83/1019458335_0:0:1987:2000_600x0_80_0_1_2c9501633823b66d9ef0069de3b5f0aa.jpg)
![Кинотасмаларда энелердин ролун көп аткарган актриса уулу менен үйүндө. Сүрөттөгү кызыл жагоочон тестиер бала кийин киноөнөрүнө аралашып, бир-эки ирет тартылып да көргөн Кинотасмаларда энелердин ролун көп аткарган актриса уулу менен үйүндө. Сүрөттөгү кызыл жагоочон тестиер бала кийин киноөнөрүнө аралашып, бир-эки ирет тартылып да көргөн - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101945/83/1019458390_0:0:1541:2000_600x0_80_0_1_670735afdac98622e71212137d9c4b1a.jpg)
![Эң оор, эң мыкты жана кайталангыс чеберчилик менен жаратылган – Толгонайдын образы. Айтматовдун Саманчынын жолу повестинин негизинде бул кинокартина режиссер Геннадий Базаровдун дипломдук иши болгон Эң оор, эң мыкты жана кайталангыс чеберчилик менен жаратылган – Толгонайдын образы. Айтматовдун Саманчынын жолу повестинин негизинде бул кинокартина режиссер Геннадий Базаровдун дипломдук иши болгон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101945/84/1019458445_0:0:2000:1446_600x0_80_0_1_b62c4aa5a71a9939ecbc0658c1c2c7d8.jpg)
![Толгонай жакындарын согуш жалмаган, бирок, миң кайгыны былк этпей көтөргөн, кайраттуу, ичтен сызганы менен, каардуу да боло билген – ЭНЕ Толгонай жакындарын согуш жалмаган, бирок, миң кайгыны былк этпей көтөргөн, кайраттуу, ичтен сызганы менен, каардуу да боло билген – ЭНЕ - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101945/85/1019458500_0:0:2000:1597_600x0_80_0_1_df9a5e4e09b6113dd56d1513ef6bc2f0.jpg)
![Саманчынын жолу тасмасына тартылуу учурундагы тыныгууда актрисага гример-художник Белякова грим жасап жаткан учуру Саманчынын жолу тасмасына тартылуу учурундагы тыныгууда актрисага гример-художник Белякова грим жасап жаткан учуру - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101945/85/1019458555_0:0:2000:1492_600x0_80_0_1_341c13a87cce56169a00e4cb77528f10.jpg)
![Геннадий Базаров Искусство жөнүндө жомок кино тасмасында актрисаны тартып жаткан кези Геннадий Базаров Искусство жөнүндө жомок кино тасмасында актрисаны тартып жаткан кези - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101945/86/1019458631_0:0:1754:2000_600x0_80_0_1_5dbdef488132eebe3ed360855585c87e.jpg)
![Бул сүрөт 1990-жылы тартылган. Мындан үч жыл өткөндөн кийин Бакен Кыдыкеева 1993-жылы 30-декабрда автоунаа коюп кетип каза болуп, сөөгү бир нече күндөн кийин Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. Бул сүрөт 1990-жылы тартылган. Мындан үч жыл өткөндөн кийин Бакен Кыдыкеева 1993-жылы 30-декабрда автоунаа коюп кетип каза болуп, сөөгү бир нече күндөн кийин Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101945/86/1019458688_0:0:1756:2000_600x0_80_0_1_f980d71dc5bc84988d9fddeac392347b.jpg)