БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 286-чакырымындагы Токтогул районунда "Тойота-Инсури" жана "Хонда-Степ" машиналары кагылышып, анын кесепетинен 37 жаштагы Асылбү Сатымкулова каза болгонун ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, набыт болгон жаран Таш-Көмүр шаарынын тургуну экени аныкталды. Эки унаада тең алтыдан жүргүнчү болгон.
Каза болгон адамдын сөөгү куткаруучулар тарабынан автоунаадан чыгарылып, Токтогул райондук ооруканасынын өлүкканасына жеткирилген. Башка эч ким жараат алган эмес.