Табияттын өзгөрүүлөрү дайыма күтүүсүз болот. Мына, борбор калаанын тургундары да жылуу кийимдерин каткан жерлеринен шашылыш алып чыгып, автосүйүүчүлөр темир тулпарларынын дөңгөлөгүн алмаштырып жатса, жалгыз гана кичине балдар алгачкы карга кубанууда.
Метеорологиялык кызматтын алдын ала маалыматына караганда, ноябрдын башында өлкөнүн тоолуу аймактарында абанын температурасы —10 градуска чейин төмөндөйт. Жер-жерлерде жаан жаап, карга айланат. Ысык-Көл, Нарын облустарында 6 градуска чейин аяз болуп, Чүй жана Талас облустарында —2 градуска жетет. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 6 градус жылуу болот.
© Sputnik / Табылды КадырбековКар дүйшөмбүгө караган түнү жаады
Кар дүйшөмбүгө караган түнү жаады
© Sputnik / Табылды КадырбековСаргарып калган талаа гүлдөрүн бубак басып…
Саргарып калган талаа гүлдөрүн бубак басып…
© Sputnik / Табылды Кадырбеков… розалар болсо башын ийип, бирок көркүн жоготкон жок
… розалар болсо башын ийип, бирок көркүн жоготкон жок
© Sputnik / Табылды КадырбековШаар кызматтары шашылыш түрдө розаларды кыйып, кышкы сууктан жерге жашыра баштады
Шаар кызматтары шашылыш түрдө розаларды кыйып, кышкы сууктан жерге жашыра баштады
© Sputnik / Табылды КадырбековЖумшак кар каптаган балатылар эки айдан кийин кыштын эң башкы майрамы бизди күтүп турганын эске салды
Жумшак кар каптаган балатылар эки айдан кийин кыштын эң башкы майрамы бизди күтүп турганын эске салды
© Sputnik / Табылды КадырбековТемир күлүк ээлери жайкы "такаларын" кышкыга алмаштырса болот
Темир күлүк ээлери жайкы "такаларын" кышкыга алмаштырса болот
© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектик селкилер пальто кийип, жылуу моюн орогучтарын алып чыгышты
Бишкектик селкилер пальто кийип, жылуу моюн орогучтарын алып чыгышты
© Sputnik / Табылды КадырбековДарактардын алтын сыргалары күбүлүп бүтө элек, айрымдарында жалбырак дагы эле жашыл бойдон
Дарактардын алтын сыргалары күбүлүп бүтө элек, айрымдарында жалбырак дагы эле жашыл бойдон
© Sputnik / Табылды КадырбековЕгипеттен кулап түшкөн Россиянын учагында курман болгондорду эскерүү дубалчасындагы оюнчуктар эми кичинекей колдор аларды кучактап бооруна кыспай турганын сезгендей ак кар алдында капалуу
Египеттен кулап түшкөн Россиянын учагында курман болгондорду эскерүү дубалчасындагы оюнчуктар эми кичинекей колдор аларды кучактап бооруна кыспай турганын сезгендей ак кар алдында капалуу
© Sputnik / Табылды КадырбековТүшкө маал кыштын алгачкы белгилери жоголо баштады…
Түшкө маал кыштын алгачкы белгилери жоголо баштады…
© Sputnik / Табылды Кадырбеков…кичине балдар болсо көптөн күткөн кар менен ойноп жатышат.
…кичине балдар болсо көптөн күткөн кар менен ойноп жатышат.