БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык режиссерлор Флора Газиева менен Юлия Эфф эл аралык "Ачык Евразия китеп форуму жана адабият фестивалы" конкурсунун жарым финалына чыгышты. Алар "Иллюстрация" категориясы боюнча ат салышкан. Бул тууралуу иш чаранын уюштуруучулары билдирди.
Газиева Флора "Кызыл короз" аңгемесине видеофильм тартса, Эфф Юлия "A letter to my friend" ырына видеофильм тарткан.
Ошондой эле, кыргызстандык котормочу Алекс Сидоре аталган конкурстун чейрек финалга өттү.
Алекс Сидоре поэзияга кызыгат, жана ырларды которот.
Конкурс төрт категория менен өткөн:
- Адабий чыгармалар
- Көркөм котормо
- Иллюстрация
- Видеофильм
Аталган конкурска сүрөтчүлөр, жазуучулар, котормочулар катышкан. Конкурстун жалпы байге фонду 36 миң долларды түзөт.
Быйыл аталган конкурска 28 мамлекеттен 780 катышуучу келген.
Фестиваль 6-9-ноябрда Лондон шаарында Кембриджде өтөт.