БИШКЕК, 28-окт. – Sputnik. Чогулуп отуруп ырдоо менен байыркы бабаларыбыз өз ара тил табышып кеткенге аракет кылышкан деп жазылат Royal Society's Open Science журналында жарык көргөн макалада.
"Адамдар менен приматтардын башкы айырмасы, биз аларга караганда чоңураак социалдык топтордо жашай алабыз. Бардык элдердин топтору ырдоо чеберчилигин өздөштүргөн жана жаманбы, жакшыбы, иши кылып, ар бир киши ырдайт. Мурдатан эле биздин кесиптештер топтошуп алып ырдоо адамдардын башын бириктирип, убакыт тар болгон шартта жеке инсандык байланышты тез арада түзүп, социалдык бекемдикти шарттай турганын болжошкон", — дейт Эйлунед Пирс (Eiluned Pierce) Оксфорд университетинен (Улуу Британия).
Пирс жана анын кесиптештери бул ойдун аныктыгын оригиналдуу жол менен текшерип көрүшүп, жети ай бою бардык каалоочулар үчүн ырдоо курсун жүргүзүшкөн.
Ырдоо чындап эле алардын өз ара тил табышып, мамиле түзүүсүнө жардам берет экен. Бирок, ал окумуштуулар ойлогондон башкача болуп чыккан. Көрсө, чогулуп алып ырдоо узак мөөнөттүү келечекте ар бирин укмуштуу ырчы кылып жибербейт экен. Бирок анын эң чоң артыкчылыгы, бейтааныш эле адамдар чогуу ырдоо аркылуу бирге сүрөт тартып же бир нерсе жазганга караганда алгачкы сабакта эле бири-бирине көбүрөөк жакындашкан. Акырындап отуруп, алардын өз ара мамилелери туруктуу мүнөзгө айланган.
Ырдоонун мындай бөтөнчө касиети окумуштуулардын пикиринде байыртан эле эволюциялык роль ойноп, бири-бирин билбеген адамдарды тез эле өз ара жакындаштырып, туруктуу мамилелерге алып келген. Дүйнө жүзүндө ар бир элде ырдоо маданияты кенен өрчүгөнүн эске алсак, ыр биздин бабаларга күн көрүүгө жакшы жардам болгон экен деген тыянакка келет британиялык окумуштуулар.