БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Шейшемби күнү "Түндүкэлектр" ишканасы электр өткөрүүчү линиялар менен трансформаторлорду текшерүүдөн өткөрүп, мындан улам шаардын жана Чүй облусунун айрым аймактарында жарык өчүрүлө турганы аталган компания билдирди.
Маалыматка ылайык, жарык саат 9.30дан кечки 18.00гө чейин берилбейт. Мында электр өткөрүүчү линиялардын тирөөчтөрү алмаштырылат.
Мындан тышкары, аталган облустун Кош-Коргон айылында "Орок", "Ленин", "Бирлик", "Нур", "Рассвет", "Кош-Коргон" подстанцияларынан келүүчү электр өткөрүүчү линиялар оңдолот.