БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Түштүк магистралында оңдолуп жаткан көчөнүн Нуркамал көчөсүнөн Шабдан баатырга чейинки бөлүгү жабыла турганын мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган бөлүк 27-октябрдан 1-ноябрга чейин жол кыймылы үчүн жабык болот. Бул тилкеден темир-бетон заводундагы Биринчи өтмөк көчөсү аркылуу жана Ахунбаев көчөсүнө алып чыгуучу Нуркамал көчөсү аркылуу айланып өтүүгө болот.
Оңдоо иштеринин заказчысы Транспорт жана байланыш министрлиги болуп эсептелинет.