БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Алмаз Кененбаев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Буга чейин шаардык кеңешти жетектеп келген Марат Аманкулов Жогорку Кеңешке Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын тизмеси менен депутат болуп келди.
Кененбаев шаардык кеңеште КСДП фракциясын жетектеп келген. Анын талапкерлиги үчүн 39 депутаттын 26 өкүлү добуш берген. "Замандаш" фракциясынан катталган экинчи талапкер Жамалбек Рысалиев болгону үч добушка ээ болду. Бардыгы болуп кеңеште 45 эл өкүлү бар.