БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жалал-Абад — Казарман унаа жолунун 22-чакырымында адам өлүмүнө себепкер болгон айдоочу окуя болгон жерден качып кетип, эртеси кармалганын Жалал-Абад ОИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, Сузак районунун Багыш айыл аймагына караштуу Сафаровка айылында машина сүзүп кеткен Камил Алымкулов окуя болгон жерденкөз жумган.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөөлөрдүн натыйжасында кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 33 жаштагы тургуну кармалган. Ал күнөөнү толук мойнуна алды.
Учурда тергөө иштери улантылууда.