БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Казакстандан Кыргызстанга аңчылык ок-дарыларын алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Казакстандын жараны 19-октябрь күнү "Чалдыбар-автодорожный" өткөрүү пунктунан кармалган. Текшерүү учурунда анын жаыннан 12 милиметрлүү эки ок бар экендиги аныкталган.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана аңчылык ок-дарылар ички иштер кызматкерлерине өткөрүп берилди.