БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында муниципалдык жерге салынган үйдүн дарбазасы түрттүрүлгөнүн мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, Көкчө-Тоо көчөсүндө жайгашкан үйдүн ээси жер тилкесин мыйзамсыз кеңейтип, дарбаза салып алган. Мындан улам, Жеке турак жай курулуш департаменти текшерүү маалында дарбазаны түрттүрүү боюнча Назгүл Акировага эскертүү берген.
Анын негизинде үйдүн ээси 245 чарчы метрге салынган дарбазаны өз ыктыяры менен түрттүрүп салган.