БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын, ал эми тоолорго кар жаай турганын ӨКМ билдирди.
Мында Ош жана Баткен облустарында жаан жаабайт. Министрлик бийик тоолуу аймактардын унаа жолдору тоңголок болорун белгилейт.
Бишкек шаарында жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын температурасы 9…11 градус жылуу болот.
Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр болуп, абанын температурасы күндүз 16…18 градуска чейин көтөрүлөт.