00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Генерал Иманкулов: түрмөдөн качкандар башкалардын өмүрүн кыйбаса болду

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКайчы кармаган адам. Архив
Кайчы кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыр аларды колунан эмне гана келбейт. Түрмө кызматкерлерин өлтүрүп колу канга боёлгондор башкаларды аяйт дейсиңерби деди генерал-майор Иманкулов.
Иманкулов: №50 түрмөдөн качкандар башкалардын өмүрүн кыйбаса болду

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кечээ түнү №50 түрмөдө болгон кандуу окуя жаза аткаруу системасындагы шалаакылыктан улам болду, ага кошумча качып кеткен кылмышкерлер башкалардын өмүрүнө кооптуулук жаратууда. Мындай пикирин УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Марат Иманкулов Sputnik маалымат сайтына билдирди.

Колониядагы бөлмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абдиев: кылмышкерлер качкан маалда №50 тергөө абагында жарык жок болчу
№50 тергөө абагынан тогуз киши качып чыгып, түрмөнүн үч кызматкерин өлтүрүп бирөөнү оор жарадар кылышкан. Күч түзүмдөрү тарабынын "Перехват" операциясы жарыяланып, анын натыйжасында бешөө кармалып, төртөө качып кеткенге үлгургөн. Алардын көбү тыюу салынган "Жайшуль-Махди" уюмунун мүчөлөрү болчу. 

Иманкуловдун айтымында, мындай окуя, өзгөчө оор кылмыш жасагандардын түрмөдөн качышы — ЖАМК системасында тартиптин начарлашынан кабар берет. 

"Демек, анын ичиндеги режим бузулуп, ичинде тартип таптакыр жок болуп калган. Экинчи ошол жердегилер менен сүйлөшүп алышы мүмкүн деген вариант бар. Мен аны туура деп айта албайм, себеби ал жерде үч адам каза болуп жатат", — деди Иманкулов.

Генерал-майор террордук кылмыш жасагандарга тоок уурдаган адамдардай эле мамиле жасалгандыгын, ал эми иш жүзүндө аларды камерадан чыгарбай кармоо керек эле деген пикирин билдирди. 

УКМКнын жетекчисинин мурдагы орун басар кылмышкерлер өтө коркунучтуу адамдар болгондуктан, башка жай адамдардын өмүрүнө кооптуулук жаралып жаткандыгын айтты. 

"Азыр аларды колунан эмне гана келбейт. Булар түрмө кызматкерлерин өлтүргөндөр, колу канга боёлогон башкаларды аяйт дейсиңерби. Кудай сактасын деп туралы. Булар куралданып, жардыргыч заттарды таап, дагы көп адамдардын өмүрүн кыйбаса болду. Кырдаал азыр жаман болуп турат", — деди ал. 

Иманкуловдун айтымында, кылмышкердин мындай кандуу кадамга барышына жогорудагы факторлордон сырткары, дүйнөдөгү радикалдык уюмдар түзүп жаткан кырдаал таасирин тийгизген. 

"Азыр дүйнөдөгү кырдаалды — Сирия, Иракты көрүп жатасыңар. Ал жердеги согушчандардын идеологиясына ишенип алган биздин жарандар ошол жакты көздөй жөнөп, 400гө чукулу ал жерде жүрөт. Кээ бири өлүп келүүдө. Ушул маалыматтын баары буларга мындай кадам жасаганга түрткү берди деген пикирдемин", — деди Иманкулов.

"Жайшуль-Махди" эмне уюм?

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Марат Иманкулов

ЖАМК өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер эркиндикке кантип чыкканын айтып берди
УКМКнын мурдагы орун басар жетекчисинин айтымында, "Жайшуль-Махди" уюмун кыргызстандык жарандар түптөгөн. 2010-жылы ноябрь айындагы жардырууга катыштыгы үчүн мүчөлөрү камалып, алардын ичинен экөө чет өлкөгө качып кеткен. Ибраимов аттуу жетекчиси баңгичилик үчүн абакка кесилип, ал жерден "Хизб ут-Тахрир" уюмунун түрмөдөгү активисттеринин колуна түшүп калат да, кийин эркиндикке алардын идеясына баш-аягына сугарылып чыгат. Кийин "Жайшуль-Махдини" түптөп, экстремисттик идеологияларды камтыган идеяларды жактап баштаган. 

"Алар эл аралык экстремисттик уюмдар менен байланыш түзөбүз деп интернет аркылуу аракет кылышкан. Террористтик уюмдар андай максатыңарды далилдешиңер керек деген маанайда талап койгондо, анысын бекемдөө максатында 2010-жылдын ноябрь айында Кожомкул атындагы Спорт сарайынын жанында жардыруу уюштурган", — деп айтып берди Иманкулов.

"Жайшуль-Махди" 2012-жылы 24-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечиминен кийин террористтик уюм деп таанылып, анын Кыргызстанда тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0