БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Ысык-Ата районунун үч милиционери кармалган кишини кыйнаганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Башкы көзөмөл органдын маалыматына ылайык,15-августта үч милиционер Ш.А. аттуу жаранды РИИБдин имаратына алып келип, автоунааны уурдады деген күнөөнү моюнуна алдырыш үчүн сабашкан.
Сабалган жарандын денеси көгала болуп, сол бөйрөгү жарылып кеткен.
Аталган факты боюнча үч милиционерге карата Кылмыш жаза кодексинин "кыйноо" беренеси менен кылмыш иши козголду.