БИШКЕК, 9-окт. – Sputnik. Байыркы жирафтын калдыктарын изилдеп жатып, палеонтологдор бул бөтөнчө сүт эмүүчүлөрдүн моюн омурткалары алгач баш жагынан эле узарып өсүп, андан кийин гана денени караган жагы узарганын аныкташты деп айтылат Royal Society Open Science журналына жарыяланган макалада.
"Андан тышкары, эң байыркы жирафтардын да моюну бир аз узун болгон экен. Кыязы, моюн омурткаларынын өсүшү жирафтар түркүмү пайда боло электе эле, демек, 16 миллион жыл мурда башталган", — деди Мелинда Дановиц (Melinda Danowitz) Нью-Йорктун технологиялык институтунан (АКШ).
Бардык башка сүт эмүүчүлөрдүкүндөй эле жети гана омурткадан турган жирафтын моюну кантип ушунча узун өсүп калган? Окумуштууларды кызыктырган жалгыз суроо ушул болчу. Жирафтын моюн омурткаларынын туурасы узунунан тогуз эсе кыска.
Алардын моюну эки баскыч менен өскөн экен: алгач, жети миллион жыл мурун, азыркы жирафтын "бабасы" самотерий (Samotherium) жашап турганда алардын моюн омурткаларынын өйдө жак бөлүгү узарып өсүп, бирок ылдый жактары жоон жана кыска бойдон калыптыр.
Ал эми жирафка тектеш окапи аттуу азыр сейрек кездешүүчү жаныбардын эволюциясы тескери карай жүрүп, отуруп, анын омурткалары такыр эле кыска болуп калган экен. Африка токойлорунда жашаган бул кызыктуу жаныбарды азыр көрсөңөр, ал өз тектешине караганда, атка көбүрөөк окшоп кетет. Ал эми анын байыркы мүйүздүү түрлөрүнүн бири жирафка эмес, багышка окшош болгон экен.
Жакынкы арада макаланын авторлору жирафтын буттарына арналган изилдөө жүргүзүүнү пландап жатышат.