БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткан эки унаа кармалганын Финансы полициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-октябрь күнү "Ак-Жол" өткөрүү пунктунан кармалган унаадан 5,5 тонна, ал эми 5-октябрда Кең-Булуң пунктунан токтотулган машинадан 20 тонна дизель отуну аныкталган. Текшерүү учурунда эки унаанын тең жүктү коштоочу документтери болгон эмес.
Учурда жагдайдын чоо-жайы иликтенип, окуяга тиешеси бар адамдар аныкталып жатат.