БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Шайлоонун жүрүшү тууралуу жарандардан эч кандай арыз келип түшпөгөнүн Ош ШИИБ маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, милиция кызматкерлеринин иши боюнча да дооматтар болгон эмес.
Учурда шайлоо тилкелеринде добуштарды саноо жүрүп жатат, андан соң бюллетендер милиция кызматкерлеринин коштоосу менен Борбордук шайлоо комиссиясына жеткирилет.