БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. "Большие люди" скетч-шоусунун актеру Канатбек Керимбаевге карата бейбаштык беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун Бишкек ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-сентябрь күнү таңкы саат беште Абдырахманов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде кезметте турган Жол кайгуул милициясынын инспекторлоруна мас абалындагы эки жаран келип, мазактай башташкан. Орой мамиле жасап, бирөөсү инспектордун погонун жулуп алган.
Милиция кызматкерлери Канатбек жана Саматбек Керимбаевдерди наркологиялык борборго алып баргандан кийин алардын мас экени аныкталган. Мындан кийин аларга карата 234-берененин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалгандар үй камагына чыгарылды.
"Большие люди" скетч-шоусу — жергиликтүү Asia MIX КВН командасынын өкүлдөрү тарабынан тартылган сериал. Керимбаев анда экинчи пландагы каармандын образын жараткан.