"Паралич" партиялар

Жазылуу
Жетимиш жыл бою бир партиянын жетегинде келип эле бир күнү Кыргызстан демократиялык кыймылы – КДК деген чыкты. Ушундай да болобу дедик. Болду.

Анан эле "жөн жүрбөгөн" Мелис Эшимканов болуп-толуп турган "Асаба-Агым" гезитинин жардамы менен "Бей-бечаралар партиясына" кирүүгө чакырык таштады эле, араң турган адамдар бей-бечарасына карабай бул партияга боо-боо болуп кире баштады. Ошентип бизде партиялык кыймыл коммунисттерге каршы демократиялык уюмдар катары көз жарды. А чыныгы батыштагыдай болуп партияларды түзүүнүн, аларды таасирдүү кылуунун теориялык негиздери, механизмдери иштелип чыккан жок. Андыктан да партиялардын айрымдарын партиялык кыймылдын пародиясына айланды. Демек, партиялык система биздин боз үйгө "түндүктөн түштү".

Партиялар улам-улам түзүлүп отуруп, акыры парламенттик шайлоо партиялык тизме боюнча өтөт дегенде чакан өлкөбүздө эки жүздөй партия катталып, дагы канчасы катталууга кам уруп, депутаттык жарышка даяр болуп туруп калды… 

Кыргызстан дүйнөлүк рекорддордун Гиннес китебине бул тараптан дагы бир топ нерсе менен кирүүгө туура келди: биринчиси – партиялардын санынын көптүгү; экинчиси – айрым партия мүчөлөрүнүн ошол партияда экендигин билбегендиги жана өзүнүн партияга өткөнүн укпагандыгы; адамдардын бир партиядан бир партияга беймарал өтүп жүрө бергендиги; партиялардын шайлоо алдында элге берген убадаларынын фантастикалуулугу ж.б. боюнча. Жогорудагылардын өзү бизде партиялык система оюнга айлангандыгын ашкере көрсөтүүчү фактылардан…

Ырас, алгачкы парламенттик шайлоодо, бир мандаттуу округ деп, депутат боломун деген он-он беш кишини өз аймагынан жарышка коё берип, уруучулукту, тууганчылыкты, жердешчиликти күчөтүп, мушташууга, атышууга, элди бөлүп жарууга, эки жакка тарткан бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бири менен араздашуусуна чейин барганбыз. Бул бизге жакпайт экен, андан көрө уруу-уругуна, эли-жерине карабай, идеялар, максаттар менен партияларга биригейлик дедик. Бириктик. Болбоду. Ой түпкүлүгү туура болгон менен бизде укмуштай күчтүү кыргызчылык бар экен. Дагы эле биздин уруудан тигил балабыз бул партиядан экен, ошол партияны колдоп коёлу деп чыктык. Ал кандай партия ишибиз жок, неофашисттик партия болсо да, биздин уруунун баласы бар үчүн, "өз корообуздан кочкор чыгышы үчүн" колдой бердик. Айылда көп адам бул же тигил партия үчүн добуш беребиз дебейт, "Паланча үчүн", "Түкүнчө үчүн" добуш беребиз дешет. Шайлоо үгүтүндө эл стадиондорго партиялардын программалары менен таанышканы барган жок, алар уюштурган концерттер үчүн, өздөрүнүн туугандарынын жүзү үчүн, уруу ичиндеги ынтымактан чыгып калбаш үчүн, куда-сөөк болгону үчүн, кээси бир алым аш, бир куюм арак үчүн барып жатат…

Чынында айрым партияларды көпчүлүк калк шайлоо алдындагы үгүт иштери жүргүзүлүүчү бир айда гана билип атат. Алардын үгүт иштерине короткон каражаттарын санап отурсак, кайран СССРдин таланган каражаттары ушуларда турбайбы дедиртет, каржы кризисине капталып атсак, буларда акча бар экен да дедиртет. Ошол талапкерлер: базар ээлери, магазин ээлери, колбаса, арак чыгаргандар эмне үчүн ири өндүрүш жайларын, зоот-фабрикаларды курган жок, эгер ошолорду иштетип аткан болсо, жаштарыбызды Орусияга, Казакстанга тентитпеген болсо эл алардын партиясын ээрчийт эле да. Бул партиялар бүгүн асмандагы Айды алып беребиз дейт да, анан дагы беш жылга "оомийин болот" деп адамдар билип калды… Партиялардын үгүт иштерине короткон каражаттары карапайым адамдарды бир жыл кийиндирип-ичиндирмек, кайран акчалар талаага кетти… Эл ошого кыжырданып жатат…

Ал эми бир партия мүчөлөрүн ошол партиядагы жалпы идея да бириктирбеди. Эгер идея бириктирсе, адамдар шайлоо алдында бир партиядан экинчисине "секирик" жасабайт эле да. "Азия news" гезитинин СМСчиси Мураталынын сары эсеби боюнча "Республикадан" 16, "Ата Журттан" 12, "Ар-Намыстан" 11, КСДПдан 3, "Ата Мекенден" 2 депутат (!) шайлоо алдында өз партиясынын башка партияга өтүп кеткен. Мындан улам азыр партияга депутаттыкка талапкер болуу үчүн тизмеге кирүү максатында гана өтүп жатышабы деген ой келет. Өз партиясын "сатып кетүү", уялбай-нетпей, намыянын көтөрүп "чоочун короого кирип баруу" – бул мандат үчүн күрөш гана сыяктанат…

Партиялык тизмелер ошол партияга кошкон "кошумчасы" үчүн түзүлдү, "жаштар", "аялдар", "башка улуттар" деген милдеттүү категориялар үчүн адамдар бирөөлөрдүн айткан-дегени менен эле жазылып калгансыптыр, мындай "киндер сюрпиздер" партия үчүн "жөн эле" керек болду. Тизмедегилердин бирин жактырып, ошол партияга добуш берейин десең, кашайып, анын жанында тизмеге "аллергияңды" карматчу талапкер кирип алган. 

Ошентип, партиялар шайлоо алдында оюңду онго бөлүп турат…

Анекдот ордуна

Бирөө мусор төгөйүн деп эшикке чыкса, жамгыр жаап, суук болуп атыптыр. 

Ары жакта партиялардын үгүтчүлөрү келе жатат дейт.

— Ким мына бул мусорду төгүп келсе, ошонун партиясына добуш беремин, — дейт тигил үйдөн чыккан киши.

Жаңылыктар түрмөгү
0