БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Курман айттан улам Бишкектин айрым көчөлөрү жабыла турганын ИИМ билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрында таңкы саат бештен баштап айт намаз аяктагыча Чүй проспектисинин Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө, Фрунзе көчөсүнүн Тыныстановдон Тоголок Молдо көчөсүнө, Тыныстанов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү жол кыймылы үчүн жабык болот.
Жол кайгуул кызматы шаар тургундарына жол маршрутун алдын ал даярдоого жана жол эрежелерин сактоого чакырат.
24-сентябрь күнү Курман айтка байланыштуу жолдор жабылат
24-сентябрь күнү Курман айтка байланыштуу жолдор жабылат