Социалдык тармактын жылдызы Кишимжан: балакет кылбасаң экен, башканын кирип түшүнө…

© Sputnik / Расул УсеналиевСоциалдык тармактын жылдызы Кишимжан
Социалдык тармактын жылдызы Кишимжан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй бүлөсүндө балдардын улуусу экенин айткан Кишимжан Жалал-Абаддын Аксы районунда 1991-жылы төрөлгөн. Өзүнөн кийин үч иниси бар. Үй бүлөсүнөн чыгармачылыкка эң жакын болгону ушул Кишимжан. Жогорку окуу жайда окуп жүргөндө черин ыр менен гана жазганын айтып отурду.

Социалдык тармактарда тараган видеодо "балакет кылбасаң экен, башканын кирип түшүнө…" деген ыр кайрыктары менен көпчүлүктүн купулуна толуп, "Кызганыч" ырын комуздун коштоосунда ырдаган Кишимжан Жанышалиеваны кепке тарттык.

— Сиздин аткарууңуздагы "Кызганыч" ыры көпчүлүккө жагат. Кафелердин биринде ырдап жатканыңызды тартып алып, социалдык тармактарга жайылтышты эле. Мындай аракеттерге кандай карайсыз?

Табийгаттын кучагында ырдаганды сүйгөн Кишимжан
— Ооба, тартып алып чыгырышыптыр. Төрөгөнгө чейин шаардагы кафелерде ырдап жүрдүм. Быйыл бешинчи жылга кетет. Бул жумушка аябай көнүп алат экенсиң. Акчага эмес, элге көнүп калат экенсиң. Үйгө да батпай, жумуш башталган убакта ырдагым эле келип калчу. Эл бул аракетимди жакшы эле кабыл алышат. Балким арасында "үйүндө эле отурбайбы" деп жаман көргөндөрү да болгондур. Ошол жакка барып эки саат ырдап келүү жан дүйнөмө ырахат тартуулачу. Курсагымдагы балам сегиз ай болуп калганга чейин ырдадым. Ырдап жатсам балама да жаккансып, тим эле тепкилеп, укмуштуудай сезим калтырчу. Азыр да баламды ырдап уктатып, ырдап сооротом. Ырдашыма жолдошум каршы болгон жок. Тескерисинче колдоп турат.

— Эми баарына эле кызык болсо керек, чайханада жүргөндө канча акча тапчу элеңиз?

— Түрдүү болчу. Кээде 200 сом, кээде беш миң таап келген учурлар болот. Чайхананын ээсине да өзүнүн үлүшүн берчүбүз. Элге чын дилден ырдап берген мага аябай жагат. Чайханага деле аларга чын дилимден ырдап берейин деп барчумун.

Үйдүн улуусу

Баткенге ашык болгон жана Жайлоодо ырын созолонткон британтиялык соц - Sputnik Кыргызстан
Баткенге ашык болгон жана "Жайлоодо" ырын созолонткон британтиялык социолог кыз
Үй бүлөсүндө балдардын улуусу экенин айткан Кишимжан Жалал-Абаддын Аксы районунда 1991-жылы төрөлгөн. Өзүнөн кийин үч иниси бар. Үй бүлөсүнөн чыгармачылыкка эң жакын болгону ушул Кишимжан. Жогорку окуу жайда окуп жүргөндө черин ыр менен гана жазганын айтып отурду.

— Бир бөлмөдө жалгыз ырдап өзүмдүн черимди жазчумун. Бөлмөдө жаңырган эхо чоң сахнада ырдап жаткандай сезим калтырчу. Ошондой эле талаада, табигаттын кучагында ырдоо абдан жагат. Таятам комузду терип чертип, күүлөрдү мыкты ойногон киши болгон экен. Тилекке каршы, аны көзү тирүүсүндө көрбөй калдым. Ал кишинин таланты мага өткөнбү деп ойлойм.

— Кайсы темаларга көбүнчө басым жасайсыз?

— Мага көбүнчө сүйүүнүн сонун ширелишкен сөздөрү камтылган ырлар жагат. Ушундай ыр деп аткарып жүргөн "Кызганыч" ырымды айтсам болот. Бул ыр Сыймык Бейшекеевдин репертуарындагы чыгарма. Ушул ырды аздектеп, аны элге жеткирип аткарып берүү жагат. Кайсыл жерге барбайын дайыма ушул ыр менен баштайм. Ырдын сөздөрү да сүйүүнү укмуштай сүрөттөп берет. Анын сөзүн Тууганбай Абдиев атабыз жазган экен. Ошондой эле, Бактыгүл Чотураванын сөзүнө жазылган "Сүйүү кечи" деген ыр бар. Аны да аябай көп ырдайм.

Билим сөзсүз керек

Ая — "Город 312" тобунун ырчысы: Кыргызстанды ар дайым сагынам
Кишимжан Жанышалиева башында журналистика адистиги боюнча билим алган. Бул адистикти ырчылыкка жетүүгө жардам берет деп тандаганын айтат.

— Алгач окууга тапшырарда ырдабай калсам кантем деп ойлодум. Турмуш деген комузду чертип ырдатып отура бербейт да. Анан ырчылык максатка жетүүгө журналистика жардам берет деп ойлоп, ушул кесипти тандадым. Журналистиканы бүттүм. Бирок баары бир өзүмдүн чыгармачылык дүйнөм чакыргансып туруп алды. Андыктан Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтка тапшырып, азыр экинчи курста окуп жатам. Бардык кесипке билим керек экен. Өзүм билем деп эле ырдап жүрө берген да туура эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0