БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Тажикстанда өтүүчү ЖККУ саммитинин алкагында россиялык кесиптеши Владимир Путин менен жолуга турганын өлкө башчысынын жардамчысы Юрий Ушаков жума күнү билдирди.
ЖККУ саммити Тажикстандын борбору Душанбеде 14-15-сентябрь күндөрү өтөт.
Ушаковдун айтымында Атамбаев менен Путин саммиттен кийин жолугат.
Маалыматка ылайык, жолугушууда президенттер аскердик транзит, жамааттык авиациялык күч түзүү, аларды башкаруу системасы жана аскердик-техникалык кызматташуу боюнча сүйлөшөрү күтүлүүдө.
ЖККУ — Жамааттык коопсуздук тууралуу келишим уюму 1992-жылдын май айында түзүлгөн. Ага Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мүчө.