Кыргыз тилинде түш жоруган Мадлен же Манчестердеги квартирада жаңырган "Өрүкзар"

© Sputnik / Табылды КадырбековБританиялык кыз Мадлен Ривс. Архив
Британиялык кыз Мадлен Ривс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Британиялык кыз Мадлен Баткенге барса, мурдун чүйүрбөй эле, жергиликтүү диалектиде бишкектиктерден төөлүк өйдө сүйлөйт. Ал эми базардан жолугуп калсаңыз, өрүктүн түрлөрүн баткендиктерден кем калышпай түшүндүрүп берет.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Биздин бүгүнкү каарман Мадлен Ривс учурда тумандуу Альбиондо жашайт, Манчестер университетинде сабак берип, илим менен алектенет. Адистиги — социалдык антрополог, этнолог. Кыргыз жерин мындан 16 жыл мурда аттаптыр. Баткенде иштеп кетиптир. Европанын жамгырлуу Манчестер шаарындагы квартирасында мезгил-мезгили менен Саламат Садыкованын аткаруусундагы "Өрүкзар" жаңырып турат. Кыргызча түш жоруп, мыкты ырдайт да экен. Мадлен айым менен сүйлөшүп отурдук. Баса, ал өтүнүчүбүздү жерге таштабай, "Жайлоодо" ырын созолонто ырдап да берди. 

— Мадлен, Баткенден келдим дедиңиз, быйыл өрүк кандай болчудай экен?

Баткенге ашык болгон жана Жайлоодо ырын созолонткон британтиялык соц - Sputnik Кыргызстан
Баткенге ашык болгон жана "Жайлоодо" ырын созолонткон британтиялык социолог кыз
— Жаз мезгилде, март-апрелдеги суук гүлдөгөн мезгилге туш келип, үшүк жүрдү, быйыл өрүк жакшы болбоду деп айтышты. А так, тоолуу жайларда жакшы. Себеби, алар кийин гүлдөптүр.

— Өрүк жагабы сизге?

— Жакшы көрөм, ооба, пайдасы көп. Баткенде эки түрү бар. Дарылангандын өңү башкача, аны Бишкекте сатышат. Негизи өзү баткендиктер натуральный деп аталганын жейт, экологиялык жактан таза.

— Сиз биринчи ирет Кыргызстанга келгенде эмне кызыктырды эле? 

— Кыргызстанга алгач ирет келгенде элдин салт-санаасы, сүйлөгөн тили кызыктырган. Ошол 1999-жылы Кыргызстандагы жана Казакстандагы тил саясаты боюнча илимий эмгек жазып баштагам. Бир эле мезгилде жергиликтүү эки тилди кантип бирдей сүйлөп алып кеткен көрүнүш мага кызык болду. Эки тилдүү болуш менимче, Кыргызстан үчүн пайдасы бар. Адамдар кааласа кыргыз тилинде, кааласа орус тилинде сүйлөшөт. Албетте, ар бир адам өзүнүн эне тилин билиши керек, бирок, бир тил экинчисине тоскоол болбойт, бул менин пикирим. 

— Сиз Баткенде бир нече жыл жашаптырсыз, кыргызча сүйлөгөндү да ошол жерден үйрөнгөнсүз го?

Кыргыз боз үйүн ижарага берип акча тапкан англиялык ишкер
— 2001-жылдан тарта АУЦАда иштеген кыргыз тили мугалими Тынара эжеден 1,5 жылча үйрөнүп, грамматиканы кошо окуп баштагам. Бирок, азыр адабий тилдин көбүн унутуп баратам. Себеби, 2004-жылы Баткенге бардым да, анан үйрөнгөн кыргызча адабий тилим башкача болуп бурула баштады. Маселен, тамак дебей, оокат дешет. Канча дебей, нече деп сурашат. Алгач, абдан кыйналдым. БатМУдагы окуткан студенттериме алгач, орус тилинде түшүндүргөнгө аракет кылдым, бирок, айылдан келген балдарга кыргыз тилинде түшүндүрүш керек болду. Ошентип, отуруп жергиликтүү тилди өздөштүрүп кеттим…

— Демек, сиз баткендик Мадлен болуп калган турбайсызбы? Азыр Европадагы жамгырлуу шаарда жүрүп Азиянын бир бурчунда жайгашкан Баткенди көп эстейсизби? 

"Санта Барбарадагы" америкалык актерго кыргыз режиссеру улуттук кийим кийгизди
— Англияда жүргөндө Кыргызстанды сагынсам, биринчи иретте Саламат Садыкованын "Өрүкзар" ырын коюп угам. Анан чынын айтсам, элдин мамилесин сагынам. Англияда жумушум көп, бардыгына убакыт жетпейт, шашып жүрөсүң. Ал эми Кыргызстанга келсең Бишкекте, Баткенде достор көп, жагымдуу, жакшы. 

Кыргызстанда дос дегендин мааниси чоң. Эгер бирөө сенин досуң болсо, ал киши күнгө, түнгө карабай жардамга даяр. Чын дилден мамиле кылат. Анан албетте, аба ырайы сонун. Учурда жамгыр көп жаган Манчестер шаарында жашап, иштегендиктен, аны күнөстүү Баткенге салыштырып болбойт. Жемиштер Кыргызстанда абдан даамдуу. Тамактардан ашты жасаганды үйрөндүм. Англияда аш бассаң, окшошпой калат, себеби, күрүч өзгөндүкү эмес, бул жердегидей болуп даамы чыкпайт. Анан дымдаманы жакшы көрөм. Үйүмө конок келсе, кээде борщ, манты жасайм. 

— Мадлен, айтсаңыз, кыргыз, орус тилдеринде суудай сүйлөйт экенсиз. Кыргызстанда жашап, кыргыз тилин үйрөнөм дегендерге кандай кеңеш берет элеңиз? 

— Менин пикиримде, тил үйрөнүү үчүн чөйрө керек. Экинчиси, мен мисалы бир сөз эсимден чыгып кетсе, билбей калам деп коркпойм, уялбай эле сурай берем. Андыктан, менин кеңешим, биринчиден, сүйлөшө турган кишилер, чөйрө зарыл. Экинчиси, сөздү үйрөнүп, сүйлөөдө эч тартынбаш керек. Болгону ошол. 

— Баткен аймагы эки өлкө менен чектешкен, чек арада тараптардын чыр-чатактары көп чыгып турат. Бул жаатта да иштептирсиз, адис катары айтсаңыз, конфликттерди кантип жөнгө салса болот? 

Город 312 тобунун солисти: Сен менин ыры визиттик карточкама айланган - Sputnik Кыргызстан
"Город 312" тобунун солисти: "Сен менин" ыры визиттик карточкама айланган
— Абдан татаал суроо. Албетте, эки өлкө ортосунда бир макулдашуу болушу керек. Учурда Кыргызстан менен Тажикстан эки башка чийилген карта менен иш алып барып жатат. Алгач, кайсы документтин негизинде иштеш керектигин тактап алуу зарыл. Экинчи жагынан, эл — кыргыздар менен тажиктер, кылымдан бери өз ара ынтымакта жашашат. Менимче, алардын ынтымакта жашоо боюнча өздөрүнүн практикалары бар, башкача айтканда, жөнөкөй элдин ой-пикирин эске алуу зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0