БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева үч эм төрөгөн энеге өкмөттүн резервдик фондунан 200 миң сом бөлөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
10-августта шаардык перинаталдык борбордо Бишкек шаарынын тургуну Нуржан Асаналиева эки эркек жана бир кыз төрөгөн.
"Бул каражатты үч эм төрөгөн Нуржан Асаналиевага вице-премьер Ниязалиева материалдык жардам катары тапшырат", — деп айтылат билдирүүдө.
Үч эмдин энеси 37-жумада төрөт үйүнө келгенде кан басымы бир аз жогорулаганы аныкталып, патология бөлүмүнөн гипотензиялык терапиядан өткөн.