Окумуштуулар: Бразилиядагы аарынын уусу ракты айыктырууга жардам берет

© rof. Mario Palma/Sao Paulo State UniversityБразилиядагы аары. Архив
Бразилиядагы аары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бразилиянын аарысы, окумуштуулардын айтымында, шишик оорусуна каршы күрөштө даба болот. Анын уусу рак клеткаларын өлтүрөт экен, себеби андагы молекулалар рак клеткаларынын үстүндө гана боло турган майлар менен "иштей алат".

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Аарынын Бразилияда тараган түрүнүн уусу шишик клеткаларын өлтүрүп, бирок алардын жанындагы соо клеткаларга доо кетирбейт. Себеби, андагы молекулалар рак клеткаларынын үстүндө гана боло турган майлар менен "иштейт" деп айтылат Biophysical Journal журналында жарык көргөн макалада.

"Бул белоктун кандай иштешин билсек, аны адамдын саламаттыгына канчалык тез ыңгайлаштырып, пайдалана аларыбызды түшүнүүгө жардам берет. Биз мурдатан көрсөткөндөй, ал рак клеткаларына гана таасир кылып, соо клеткалар үчүн зыянсыз келет. Демек, ал коркунучтуу эмес. Ошентсе да, биз муну тастыктоо үчүн кошумча эксперименттерди жүргүзүшүбүз керек", — дейт Пол Билс Лидс университетинен (Улуу Британия).

Анализ текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык окумуштуу катышкан топ өпкөнүн жогорку кан басымын дарылоочу генди аныктады
Жети жылча мурда Бразилия менен АКШнын биологдору укмуштуудай ачылыш жасашкан — көрсө, Polybia paulista деп аталган бразилиялык аарынын уусу рак клеткаларын бөлүктөргө ажыртып жок кылганга жөндөмдүү экен да, ошол эле учурда таза клеткаларга тийбейт экен. Кийинки тажрыйбаларды жүргүзүүдө илимпоздор бул аарынын уусу кандын, табарсыктын ж.б. рагына каршы күрөшө ала турганын аныктап, бирок ал клеткаларды кандайча тандап таасир этерин таба алышкан эмес. 

Билс жана анын кесиптештери бул ачылышка кызыгып, рак клеткаларын өлтүргүчтүн мындай "кесипкөйлүгүнүн" сырын ачууга аракет жасап, анын соо клеткаларга жана рак клеткаларына көрсөткөн таасирине молекулярдык деңгээлде байкоо жүргүзгөн.

Уунун мындай тандап таасир кылышы соо жана рак клеткаларынын каптамы ар башкача түзүлгөнү менен байланышканын окумуштуулар мурда эле болжошкон. Дененин таза клеткалары эки кат май менен капталып, ар бир каты ар башка молекулалардан турат. Клетка рак шишигине айланганда, бул катмарлардын химиялык курамы бузулуп, мембрананын ички жарымын түзүүчү молекулалар сырткы катмарга чыгып калат.

Билстин эксперименттери көрсөткөндөй, рак клеткасынын үстүндө фосфадитилэтаноламин жана фосфадитилсерин деп аталуучу майдын эки түрү пайда болуп, уунун молекулалары аларга соо клеткага караганда 7-8 эсе жакшыраак "жармаша" баштайт. 

Мээни текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адамдардын көпчүлүгү кыялданып, элестүү ой жүгүртө албасын окумуштуулар далилдеди
Мембрананын үстүнкү бетине уунун жабышып калуусунан анда тешикчелер пайда болуп, алардын жазылыгы "канкор" молекуланын саны өскөн сайын кеңейе баштайт. Ошонун натыйжасында, рак клеткасынын ичиндегилер сыртка "агып чыгып", акыры клетка өлөт. 

Билс жана анын кесиптештери Polybia paulista аарысынын уусун же анын синтетикалык түрүн ракка каршы болочокто чыга турган дарылардын негизи же курамындагы заттардын бири катары колдонуу ниетинде. Алар химиялык жана радиотерапия сыяктуу башка кошумча таасир берип соо клеткалардын өлүмүнө алып келбестигине ишенишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0