БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Британиялык нейрофизиологдор Жер шарынын 2,5 пайыз калкы афантазия деп аталуучу илдет менен жабыр тарта турганын, башкача айтканда, жакын адамдарынын жүзүн, окуган китептеринен көрүнүштөрдү, ал тургай, жөнөкөй эле нерселерди элестете албастыгын ырасташты деп жазылат Cortex журналында жарык көргөн макалада.
"Мен, эгер уктай албасаң "койлорду сана" деген кеңеш эмнени билдирерин түшүнбөй койгонум эсимде. Мага муну кеңеш кылгандар өтмө мааниде айтып жатат деп ойлочумун. Аны аткарууга аракет кылганда мен көз алдымдан учуп өтүп жаткан көрүнбөс койлорду ээрчип башымды ары-бери тегерете баштаганымды байкачумун. Эмне үчүн муну түшүнбөгөнүмдү эми билгениме кубанам", — деген афантазия менен жабыркаган британиялык Нил Кенмуир (Niel Kenmuir).
Эксетер университетинен (Улуу Британия) Адам Земан (Adam Zeman) жана анын кесиптештери бул феноменди ачып, анын бар экенин кокустан эле далилдей алышкан – аларга жүрөгүнө операция жасагандан кийин кыял-элестүү ой жүгүртүү жөндөмүн жоготуп койгон адам жардам сурап кайрылган.
Бул бөтөнчө окуя жөнүндө америкалык илимий басылмалардын бири басып чыккандан кийин Земандын тобуна ошондой эле кыйынчылыкка туш болгон жыйырма чакты адам кайрылгаан. Алардын баары тең мурунку болгондорду же абстрактуу нерселерди элестете албай кыйналышкан.
Өз божомолдорун текшерүү үчүн, окумуштуулар аталган адамдар менен байланышып, аларды бир нече текшерүүдөн өткөргөн соң, афаназиянын өрчүшүнө шарт болуучу мээнин иштешинин өзгөчөлүктөрүн магниттик-резонанстык томографтын жардамы менен аныктоого аракет кылышкан.
Көрсө, бейтаптар элестетүү жөндөмүн жоготтук деп бекер айтышпаптыр – окумуштуулар алардан өз энесин же башка айкын нерселерди элестетип көрүүнү сураганда, алардын мурун көргөнүн элестетүүгө жооп берүүчү мээсинин бөлүгү активдүү болгон эмес.
Афантазия кайдан пайда болорун жана кантип өрчүй турганын окумуштуулар азырынча билбейт. Бул дарт тубаса же, биринчи бейтаптыкындай, кийин пайда болушу мүмкүн экени аныкталган. Земандын айтымында, азыр аларга мындай дартка чалдыккан миңге жакын адам кайрылган. Окумуштуулар алардын жардамы менен бул бөтөнчө көрүнүштүн нейрофизиологиялык тамырын таап, аны жөнгө салууга болор-болбосун түшүнүүнү ниет кылууда.