БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Шаршембиге караган түнү Франция менен Британиянын ортосундагы темир жол каттамы рельске чыгып алышкан мигранттардын айынан токтоп калды деп билдирет Guardian.
Адамдарды тоннелдин француз тарабынан кирүүчү жер менен Кале шаарындагы станциянын ортосундагы бөлүктөн байкашкан. Eurostar компаниясынын операторлору темир жолго чыгып алгандардын айынан беш поезд жолунан кармалганын, алардын төртөө Францияга бара жатканын билдиришти.
"Поезд тоннелге кире албай туруп калды, анткени Каледе рельсте кишилер турат", — деп билдиришкен Eurostar кызматкерлери компаниянын Twitter баракчасында.
Туннелди тейлөөчү Eurotunnel компаниясынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери туннелдин коопсуздук кызматы Франциядан Британияга өтүп кетүүгө аракеттенген 37 миң мигрантты кармаган.