00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ачык кеп
Хирургиянын малоинвазивдик методдор
15:05
43 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
4 мин
По следам истории
Исторические связи кыргызов и калмыков в эпосе “Манас”
20:05
44 мин
Ачык кеп
Билим берүү мекемелеринде акча чогулткандарга айып салынат — бул жол менен көйгөйдү толук токтотуу мүмкүнбү?
21:03
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Пикир: Европада миграциялык агымды эми токтотуу мүмкүн эмес

© AFP / DIMITAR DILKOFFМакедония-Греция чек арасындагы мигранттар. Архив
Македония-Греция чек арасындагы мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Качкындарга байланышкан кырдаал ЕБдин көзөмөлүнөн чыгып, аталган биримдик эл аралык саясатта өзүн кыраакылыгы жок оюнчу катары көрсөттү. Мындай пикирин россиялык саясат таануучу Михаил Синицын билдирди.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Мигранттарды ташып бара жаткан эки кеме сууга чөгүп кеткен Ливиянын жээгинде 200дөй адам каза болушу мүмкүн экенин батыш ЖМКлары билдирүүдө. Мурдараак алардын саны 100 адамга жетти деп кабарланган эле. 

Уйгур качкындарын Таиланд өкмөтү Түркияга депортациялашы мүмкүн
Жүргүнчүлөрдүн анык саны белгисиз. Анан калса, ЖМКлардын кемелердин саны жөнүндө берген маалыматтары да ар түрдүү – бири бир кеме болчу десе, бири экөө болчу дешет. Бирок бардык басылмалар менен телеканалдар жүздөгөн адамдар кырсыктын курманы болду деп бир ооздон билдирүүдө. Кемелердин чөгүп кетишине алар ашыкча жүктөлүшү себеп болгон деп болжолууда. Анда кетип бара жаткан мигранттардын көпчүлүгү Африка өлкөлөрүнөн жана Сириядан болчу.

Россиянын жаштар коомдук палатасынын мүчөсү, саясат таануучу Михаил Синицын качкындарга байланышкан кырдаал Батышын көзөмөлүнөн чыгып кетти деп эсептейт.

"Мунун баарын эми токтотуу мүмкүн эмес. Себеби мындай миграциялык агымдын булагы болуп эсептелген мамлекеттер Европанын, Батыштын аракеттери менен кыйроого учураган. Аларга Ливия, Сирия, Тунис кирет. Ошол эле Ливиянын, Сириянын мыйзамдуу өкмөттөрүнө каршы согушка кирүү менен жөн гана ката кетирбестен, кылмыш кылганын Европа өз мойнуна алмайынча, качкындарга байланышкан абалды жакшыртуу жагынан эч жылыш болбойт", – деди Михаил Синицын Sputnik радиосунан.

Анын пикиринде, бул багытта конкреттүү иш-аракеттер көрүлүп, алар БУУнун деңгээлинде да жүрүшү керек.

"Европа биримдигинин чегинен тышкары туруучу эл аралык механизмдер колдонулушу керек. Себеби ЕБ азыркы кырдаалда өзүн эл аралык саясаттагы кыраакы оюнчу катары көрсөтө алган жок. Эл качып жаткан мамлекеттерди өнүктүрүү менен гана мигранттардын агымын токтотууга болот. Бирок азырынча ал мамлекеттерди кайра калыбына келтирүү аракеттерин көргөн жерибиз жок. Мунун ордуна, Асадды бийликтен алуу аракеттерин, Ливияда кырдаалды жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугун көрүп жатабыз. Мындай ойлонулбаган жана кылмыштуу саясат токтомоюнча, эч кандай жылыш болбойт", – деп эсептейт саясатчы. 

Анын айтымында, башкы милдет —мамлекеттерден элди качууга мажбурлап жаткан “Ислам мамлекетинин” маселесин чечүү. 

"Бул үчүн радикалдык топторду басып жок кылууга мүмкүндүк бере турган эл аралык формат керек. Мындай форматты алдыга жылдыруу аракетин азыр Россия көрүп, Сириянын өкмөтүн да буга тартуу аракетин кылып жатат. Бирок азырынча өнөктөштөрдүн акылга сыйбаган жооп аракеттерин гана байкоого болот", – деп белгиледи Михаил Синицын.

Бир нече жүздөгөн адамдардын орто жолдо кырылып калышы учурда коомчулуктун чоң талкуусуна түшүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0