БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында темир жолдун курулушу сентябрь айында талкуулана турганын президент Алмазбек Атамбаев Эгемендик майрамына карата сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Сентябрдын башында Атамбаев Кытай менен Иранга барат. Аталган өлкөлөрдүн лидерлери менен президент Кытай, Иран жана Өзбекстанга карай Кыргызстандын аймагында курула турган темир жол маселесин талкууланат.
Мындан тышкары, президент жакынкы эки жыл аралыгында унаа көз карандысыздыгына жетишүү боюнча аракеттер аягына чыгарын белгиледи.
Атамбаев Кыргызстан жакын арада жарды өлкөдөн транзиттик мамлекетке айланарын айтып, Кытайдан Тажикстан менен Казакстанга карай кетчү эл аралык трассалардын курулушу аяктоо алдында турганын билдирди.