Театр дүйнөсүнө берилип, сахна адамы экенине карабай, куудулдугу менен узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына белгилүү болгон Күмөндөр Абылов менен Спорт ордосунда бильярд ойноп жаткан кезинде жолуктук. Бүгүн 57 жаштын босогосун аттап жаткан белгилүү инсан менен маңдай-тескей отуруп, Sputnik маалымат агенттигинин корреспонденти театр, кыргыз сатирасы, адамгерчилик тууралуу кеп учугун улады.
— Эс алып жаткан окшойсуз, сизди күн-түн дебей бильярддын артынан түшүп кеткен чебер дешет…
— Бир жолугушууга бараткам, карасам эки сааттай убактым бар экен, кичине ойной калайын деп кире калгам. Жаш кезде гастролдоп жүрүп ойночу элек да, театрдын өзүндө да бильярд бар болчу. Ошондон бери ойнойм. Күндөп-түндөп ойноп кеткен учурларым болгон. Негизи түн ичинде ойногон жакшы, ээн болот. Анан тели-теңтуштар менен чогулуп ойноп калабыз.
— Атактуулугуңуз кедергисин тийгизген учурлар болду беле?
— Көбүнчө ырахатын эле көрүп келе жатам. Көчөдөн сыйлап учурашып калышат. Эми жашоодо ар кандай болот да. Кээде базарга барып калсаң, "эй, мына-мына, Күмөндөр" деп бири-бири менен шыбырашып калгандарды угуп-көрүп эле калам. Айрымдары тимеле сөөмөйү менен көрсөтүп алышат. Көнүп деле калдым. Көнбөгөндө, каякка барат элем, эл таанып атат деп көчөгө чыкпай калайымбы…
— Сахнага чыгууга даяр болбой калган кездер эсиңиздеби?
— Андай учур көп эле болот. Сахна артында урушуп аткан болосуң, мушташканга чейин барып. Кээде өзүңөн өзүң эле маанайың түшүп, жабыркап турган учур болот.
— Ички дүйнөдөгү бороон-чапкынды билдирбей күлүп-жайнап чыга келесиз, анан?
— Ананчы, ошончо эл карап күтүп отурса даяр эмес элем деп чыкпай коймок белең. Чыгасың да. Сахнанын өзүнүн керемети бар. Элди көрүп, ар бир айткан сөзүң таамай тийип жатканын сезип турсаң, өзүңөн өзүң элирип, сөзүң көбөйүп, толкунданып, көбүртүп-жабыртып да жибересиң.
— Эл айткандарыңызга күлбөй койгон учурлар да болду беле?
— Адамдар ар кандай да. Кээде эл менен байланыш таптакыр болбой калат. Илхом жоголуп кетип, айтайын дегенимди жеткире албай калам. Айрым учурда келгендердин кабыл алуусу башкача болуп калат. Сезип-туясың да, андай учурда кыскартып, сахнадан кеткиче шашасың.
— Учурда Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында иштеп келесиз. Бирок элге атыңызды куудулдук өнөр чыгарды. Кайсы тармак дилиңизге жакын?
— Кечиресиз, бирок сиздин театр сахнасында жараткан ролдоруңуз тууралуу көпчүлүктүн кабары болбосо керек…
— Тилекке каршы, ошондой болуп калды. Бул менин өксүгүм. Көбү мени куудул катары билет. Сахнада жараткан Кожо Насыр, Алдар Көсө, Багдасар аке, Шаршендин образын жараткан ролдорумду эл билбей калды. Ой, мен эмес, бүгүнкү театрдын корифейи эле, Мукамбет Токтобаев агабыз каза болгондо ал ким дегендер чыкпадыбы. Ал деген кезинде дүйнөлүк фестивалдарда Шекспирдин Лир королунун ролун ойноп таанылган. Буга бир чети биздин телевидение күнөөлүү. Кыргыздын не деген залкарларын тартпай калды, алардын эмгеги, жараткан образдары элге жетпей калды. Айта берсең, арман көп дегендей кеп да.
— Кабыргаңыз кайышып, жан дүйнөңүз жабыркап турганда сахнага чыгууга туура келди беле?
Буга чейин деле спектакль учурунда баласы же дагы бир жакыны өлүп калып, сахна артына чыкканда буркурап-боздоп, кайра каткырган боюнча сахнага чыгып кеткен актерлор тууралуу укчумун. Ошондо эле аларды түшүнчүмүн, туура кабыл алып. Менин да башыман ошол нерсе өттү. Алдымдан жер көчүп турса да, сахнаны, элди таштай алган эмесмин. Спектакль бүтөрү менен шашып-бушуп үйгө жөнөп калдым. Артыман балдар чыгып үйгө жеткирип келишти. Мен үйгө жеткиче артисттер үйгө барып калышыптыр, ошол жерден угузушту…
— Бул сахнанын сиз үчүн биринчи орунда турушубу?
— Сахна — ыйык. Ошол жерден нан таап жеп, ичиңдеги букту чыгарып, өзүнчө бир башкача дүйнөгө туш болосуң. Ушу театр, сахна деп жүрүп мени кенедейимен багып, атамды байке, апамды жеңе дедирген чоң апама топурак салбай калгам. Анткени ал учурда мен башкы ролдо болчумун, эгер мен барбай калсам, канча деген киши иши жок ачка калмак, гастроль үзгүлтүккө учурамак. Бирок сезет экенсиң, бир ай жок болдум, жүрөгүм түпөйүл тартып, кандайдыр бир ыңгайсыз абалда жүрдүм. Жакындарыма топурак сала албай калган көп эле учур болду.
Бул мактаныч же көпкөндүк эмес, бул театрды, ага келген адамдарды чексиз сыйлоо деп эсептейм.
— Балдарыңыздын баарын үйлөнтүп-жайлантып, куда күтүп дегендей, небере жытына ырахатка бөлөнүп жаткан кезиңиз болсо керек?
— Негизи эркек адам жашы өйдөлөгөн сайын аялдын айтканы менен болуп калат деген түшүнүк бар эмеспи. Бу жөнүндө өзүңүз да сатираларыңызда көп айтасыз. Баамымда, азыр сиз да ушул куракка келип калыптырсыз…