Кичине бала жаан астында ээн көчөнү бойлой бара жатты. Колунда кармаганы бир сынык нан – анын түштө да, кечинде да, эртең менен да жей турганы ошол. Андан кийин ага эмне буюрары белгисиз. Баланын күткөн да, издеген да эч кимиси жок. Жанынан өтүп бара жаткан киши наристеден көзүн ала качып, кадамын ылдамдай басты.
— О-о, кудай, сенин курсагың ач тура!
— Сиз кимсиз, эжеке?
— Ким деген эмнең? Тааныган жоксуңбу? Мен сенин апаңмын да!
"Мээрим Булагы" балдар үйүнүн бүтүрүүчүсү Наргиз Мамытова ачка бала жашооңду кантип астын-үстүн кыла өзгөртүп жиберерин жана бир банка кыям канча жакшылык алып келерин Sputnik агенттигине айтып берди.
— Наргиз, менчик балдар үйү дегенди кандай түшүнсө болот? Бул иштеп акча тапкыдай менчик бала бакча эмес да…
— Жок, албетте, андай эмес. Бул окуя көп жыл мурун башталган. Бир жолу менин апам көчөдө келе жатып бир ачка баланы көрүп калат. Анын жанынан жөн эле өтүп кете албай, үйгө ээрчитип келет. Анан дагы бирөөнү, ээрчитип келип отуруп, балдардын саны жыйырмадан ашканда, кароосуз калган бир имаратты сатып алат.
— Апам дейсизби?! Кандайча?
— Ооба, балдар үйүндө тарбияланган баарыбыз үчүн Гүлнара Дегенбаева — апа.
— Ал эмнеге мындай ишти мойнуна алган? Болгондо да, жападан жалгыз? Демөөрчүлөрдүн аркасынан тынбай чуркап, турак-жай үчүн кармашыш керек …
Ооба, имарат үйү боюнча кармашканга туура келди. Бул, эгер билсеңиз, жөнөкөй имарат эмес. Мурда бул жерде эркектердин Ыйык Троица чиркөөсү жайгашкан болчу, ал 1882-жылы курулган. Ушул эле жерде үч доордун храмы сакталып калган. Биз аны кайрымдуу адамдардын жардамы менен эки жыл мурун калыбына келтиргенбиз.
Согуш жылдары блокадалык Ленинграддан келген 156 бала жашаган экен. Ал балдарга ошол кезде 16 жаштагы Токтогон Алтыбасарова эне болгон. Бул Улуу эне жөнүндө уксаңар керек? Ал жакында эле, 11-июнда каза болду.
А "Мээрим булагы" болсо 1998-жылы негизделген.
— Кыям жасап, тапкан акчаны балдарга жумшоо жөнүндө ой кимге келди?
— Апама. Ал бизге эч качан кайыр сурабаш керек деп дайыма айтчу. Өзүңөр иштеп тапкыла. Балык сурабай, аны кармаганга кайырмак сурагыла дечү. Чычырканактын мөмөсү менен карагаттан жасаган биринчи кыямды биз беш жыл мурун чыгарганбыз. Жыл сайын беш миңге жакын банка жасайбыз. Бизге бүтүрүүчүлөрүбүз жардам берет. Алар эс алуу мезгилинде келишет. Азыр сегиз киши иштеп жатат.
Жакшысы, Ысык-Көл мөмөгө бай. Карагат көп өсөт, жээктер чычырканакка толгон. Барып эле тере берсең болот.
— Айтасыз да… Күнгө какталып чычырканак терген кыйын эле да, тикендери да саят… Бүтүрүүчүлөр буга оңой эле макул болушабы?
— Албетте. Кичинекей бөбөктөрүңө белек алып келгенде, алардын жайнаган көздөрүн көрсөңүз … Акчага да, чычырканакка тытылган колдоруңа да кайыл болосуң.
— Кандай кыямдарды жасайсыңар? Алар канча турат?
Бизге дал ушул тапта акча керек. Мектепке бара турган 17 балабыз бар да. Аларга кийим-кече, окуу куралдары керек. Биз тубаса шал балдар менен карылар үйүндөгүлөргө да жардам беребиз. Бизге кудай берип жатат, ошон үчүн биз да Кудайдын колдоосу менен бөлүшүп турушубуз керек.