БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Прокурорлор менен милиция кызматкерлери шайлоо учурунда чырлуу иштерди туура кароого үйрөнүшө турганын Башкы прокуратура билдирет.
Парламенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 4-октябрына белгиленген. Ага катышуу үчүн 14 саясий партия катталды.
Тренинг учурунда Кыргызстандын шайлоо боюнча укутук-ченемдик базасындагы жаңылыктар, шайлоо учурундагы талаш маселелерди чечүүдө прокуратура жана ички иштер органдарынын орду жана мааниси талкууланат.
2015-жылдын 1-сентябрынан баштап мындай семинар-тренингдерди республиканын бардык аймактарында өткөрүү пландаштырылууда.