Дарика Жалгасынова: "Триумф жана трагедия" китебин чогуу жазууну Эрнис Турсунов сунуштаган

© Улан АсаналиевАкын, драматург Эрнис Турсунов. Архив
Акын, драматург Эрнис Турсунов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эл акыны Эрнис Турсунов көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка толмок. Ал 1935-жылдын 24-августунда Фрунзе шаарында төрөлгөн. 2014-жылы 11-июнда 79 жашында дүйнө салган.

Премьер-министр Сариев Алыкул акындын ырын көркөм окуп, Sputnik демилгесин улантты
Акын, драматург Эрнис Турсуновдун алгачкы ыр жыйнагы "Гүл" деп аталып, 1948-жылы чыккан. Кийин анын "Булбул", "Жигиттер", "Бийиктик", "Автопортрет" жана башка китептери жарык көргөн. Ал ошондой эле, 1980-жылдардын аягында Куранды кыргызчага которгон алгачкы котормочулардан болуп эсептелет. Андан сырткары, ал Библияны да кыргызчалаган.

Эрнис Турсуновдун замандашы, жазуучу, драматург Мар Байжиев аны менен тыгыз байланышта болгонун айтат.

"Биздин байланыш өтө терең эле. Анткени Эрнистин атасы менен менин атам чогуу иштегендиктен, үй-бүлөбүз менен да катташып турчубуз. Кийин университетте окуп калдык, ал менден бир-эки курс жогору окуду. Экөөбүз чыгармачылык жактан да, тиричилик жактан да байланышта болчубуз. Кандай гана болбосун, бир-бирибиздин чыгармаларыбызды окуп, талкуулап, ой-пикирибизди айтчубуз", — дейт ал.

Байжиев ошондой, анын котормочу катары жасаган эмгектери эбегейсиз экенин айтып, кыргыз эли таланттуу уулунан ажырады деп кошумчалады.

"Триумф жана трагедия"

Кыргыз эл артисти Дарика Жалгасынова Эрнис Турсунов менен биргеликте "Триумф жана трагедия" аттуу китепти кантип жазып калганын мындайча айтып берди.

"Бир убактарда өзүбүздүн профессионал ырчылар тууралуу баяндаган "Мезгил жана музыка" деген программаны алып барып калдым. Агайдын да "Асылдар ааламы" деген берүүсү бар эле. Аларды да көрүп, угуп жүрчүмүн. Агай жакшы нерсени көрсө аны байкап, өзүнүн пикирин билдирген жан эле. Бир жолу "Сенин программаңды көрдүм, абдан жакшы. Ошондо айтылгандарды китеп кылып жазбайлыбы" деп калды. Мен "агай сиз деген чоң акынсыз, жазуучусуз. Сиз менен чогуу китеп жазууга колум барбай атат, сиздин жаныңызда өзүмдү алсыз сезип атам" десем, "жок, сенин жазып жүргөн ырларың абдан жакшы, антпей, чогуу китеп жазалы" деди. Ошентип жакшы китеп чыгып калды", — дейт ал.

Китептеги Опера жана балет театрындагы профессионалдар тууралуу Дарика Жалгасынова жазса, драма театрындын чыгаандары жөнүндө Эрнис Турсунов жазган.

Мирлан Самыйкожо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акын, журналист Мирлан Самыйкожо атка минер болду
Турсуновдун калтырып кеткен чыгармалары кыргыз эли үчүн көөнөрбөс байлык, мурас болуп калганын Жалгасынова кошумчалады.

Турсунов орустун белгилүү акындары Александр Пушкин, Николай Некрасов, Сергей Есениндин ырларын да кыргызчалаган.

Анын "Айчырайлуу кыздар", "Чындык ийилет, бирок сынбайт", "Замандаш", "Байтик баатыр", "Эрки күчтүүлөр "драмалары өлкө театрларынын сахналарында чоң ийгилик менен коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0