БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кемин районунда 2-августта Subaru Forester жеңил унаасын айдап бараткан 40 жаштагы айдоочу рулду башкара албай, машинасы ала салып кеткен. Бул тууралуу Чүй ИИББдин маалымат кызматы билдирди.
Кемин районунун 40 жаштагы тургуну Чоң Кемин тарапка баратып, рулду башкара албай, кырсыкка кабылган. Анын кесепетинен айдоочу окуя болгон жерде каза болгон.
Учурда экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы жакын арада чыга турганын Чүй ИИББдин маалымат кызматы белгиледи.