БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Крупская айыл аймагында 54 жашар Эсенгул Жылчымышев көлмөгө түшүп жатып, чөгүп кеткенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда болжол менен саат 19.45те болгон.
Издөө иштерине беш куткаруучу тартылган. Жылчымышевдин жансыз денесин 31-июль күнү эртең менен туугандары тапты.