Сарпашев шайлоого карата жабдуулардын тестирлөөдөн өтүшүн көзөмөлдөөгө кетти

Жазылуу
Иш-сапардын алкагында биринчи вице-премьер Баткен жана Кадамжай райондорундагы 25 шайлоо участкаларын текшерүүдөн өткөрөт.

БИШКЕК, 30-июль — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев шайлоого карата жаңы технологиядагы программаны жана жабдууларды тестирлөөнү текшерүү үчүн Баткенге жөнөп кетти. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Шайлоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шайлоого карата жабдууларды текшерүү эми Таласта башталды
27-июлдан тарта биометрикалык маалымат боюнча шайлоочуларды масштабдуу идентификациялоо Баткен облусунан баштала турганы белгилүү болгон. Маалыматка ылайык, иш-чара жергиликтүү бийлик менен бирге жүргүзүлмөкчү. 

Иш-сапардын алкагында Сарпашев Баткен жана Кадамжай райондорундагы 25 шайлоо участкаларын текшерүүдөн өткөрөт.

31-июль жана 1-август күндөрү биринчи вице-премьер Ош жергесиндеги масштабдуу тестирлөөнүн өтүшүн көзөмөлдөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0