00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без «народных адвокатов»: кто теперь имеет право представлять ваши интересы в суде
08:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо мыйзамы сунушталууда. Ишкерлике бул эмне берет?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:04
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Якутиядагы "мигрант ызы-чуусунун" каарманы Мусаев бир жума ичинде депортацияланат

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүФМК кызматкери. Архив
ФМК кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Якутия боюнча Федералдык миграция кызматынын башкармалык жетекчиси Холодковдун билдирүүсүндө "сабалган" Мусаевдин иши тергөө комитетинин жана консулдуктун көзөмөлүндө турат.

БИШКЕК, 29-июль — Sputnik. ФМК башкармалыгынын алдындагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайда отурган кыргызстандык Каныбек Мусаев сот чечими менен депортациялана турганын Sputnik агенттигине аталган мекеменин жетекчиси Александр Холодков билдирди.

Шейшемби күнү Якутиядагы кыргыз диаспорасы аталган мекемеде кыргызстандык жарандын аёосуз сабалганы тууралуу айтып, маалыматта ага эч кандай медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканын кабарлаган. 

Холодковдун айтымында, маалымат чындыкка дал келбейт. 

"Кыргызстандын жараны Мусаевди Федералдык миграция кызматынын өкүлдөрү сабаган эмес. Ал мекемеден өзбекстандык жаран менен качып чыгып сегиз күндөн кийин кармалган. Өзүн устара менен кесип жарадар кылам деп коркуткан. Мындан улам, ФМК тарабынан коопсуздук иш-чаралары көрүлгөн", — деди Холодков. 

Ал Мусаев жакын арада өз документтери менен Россиядан депортациялана турганын белгилеп, аталган документтерди көрсөтүүдөн буга чейин баш тартып келгенин кошумчалады.

"КР жараны кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолукту. Алар айтылгандын баарын тастыктап беришет. Медициналык жардам көрсөтүлдү. Окулистте болуп, ден соолугун калыбына келтирүүчү дарылар берилди", — дейт жетекчи. 

Sputnik агенттиги менен болгон сүйлөшүүдө кыргыз диаспорасынын мурунку жетекчиси Эсен Сайдыкулов Мусаев буга чейин Кыргызстанда соттолгону, бул ага карата чара көрүүдө терс таасир эткенин айтты. 

"Каныбек Мусаевге өзүн жакшы алып жүрүү керектигин түшүндүргөндөй болдум, тил алууга убада берди", — деди Сайдыкулов.

Ал Мусаевдин тегерегиндеги ызы-чуу көңүл бурууга арзыбай турган нерсе экенин белгиледи.

"Бизде диаспора ич ара бөлүнүп жатат. Экинчи топтун лидери Данияр Байгуттуев Мусаевдин аркасы менен өзүнө көңүл бурдурууга аракет кылууда", — деди диаспоранын мурунку жетекчиси.

Окуянын дагы бир катышуучусу, Якутиядагы кыргыз диаспорасынын учурдагы башчысы Данияр Байгуттуев уюм ичиндеги бөлүнүп-жарылуулар бар экенин жашырбайт. Муну менен катар ал Сайдыкулов Якутия боюнча ФМК кызматкерлери менен сүйлөшүп алган деп эсептейт.

"Алардын байланышы күчтүү. Сайдыкулов аткаминерлерди жактап, мекендешибиз тууралуу кам көрүүдөн баш тартты", — дейт Байгуттуев.

Якутия боюнча ФМК башкармалыгынын жетекчиси Александр Холодков бардык маалымат Якутиянын тергөө комитетине экенин жана Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы консулдугуна жөнөтүлгөнүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0