Диаспора башчысы: Якутияда кыргызстандык жаран миграция кызматы тарабынан сабалды

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүФедералдык миграция кызматы. Архив
Федералдык миграция кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Якутиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчисинин айтымында, Федералдык миграция кызматынын өкүлдөрү Мусаевди мекеме башчысынын көзүнчө ур-токмокко алышкан.

БИШКЕК, 28-июль — Sputnik. Якутияда Федералдык миграция кызматынын (ФМК) өкүлдөрү тарабынан Кыргызстандын жараны сабалганын Sputnik агенттигине Якутиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Данияр Байгуттуев билдирди. 

Анын айтымында, бир жума мурун ФМК алдындагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу атайы мекеменин кызматкерлери 24 жаштагы кыргызстандык Каныбек Мусаевди аёосуз сабашкан.

"Мусаев аны мекеменин жетекчисинин көзүнчө ур-токмокко алышканын айтты", — дейт Байгуттуев.

Диаспора башчысы Мусаевдин ден соолук абалы начар экенине карабастан, ага туугандарын да, тез жардам кызматкерлерин да киргизбей жатышканын кабарлады.

© Данияр БайгуттуевЗверски избитый гражданин Кыргызстана Каныбека Мусаева.
Зверски избитый гражданин Кыргызстана Каныбека Мусаева. - Sputnik Кыргызстан
Зверски избитый гражданин Кыргызстана Каныбека Мусаева.

"Сабоонун чоо-жайын мекеме түшүндүрбөй жатат. Мен Каныбекке жолугуп чыктым. Көздөрү кара көк болуп кетиптир. ФМК Мусаев ушундай абалда түшкөн деп айтууда", — деди Байгуттуев.

Ал ФМК тергөө ишин чоюп, Мусаевди кылмыш ишин козгобой туруп мыйзамсыз Кыргызстанга депортациялоого аракет кылып жатканын белгиледи.

Байгуттуев бир нече сааттан кийин жабырлануучу менен жагдай тууралуу толук маалымат алуу үчүн Мусаев менен жолуга турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0