БИШКЕК, 29-июль — Sputnik. Парламенттик шайлоону уюштурууга көмөктөшүү боюнча республикалык штаб түзүлгөнүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт.
Ага ылайык, өкмөт жана ага караштуу мекемелер парламенттик шайлоону уюштурууга, чет жерде жашаган кыргызстандыктардын добуш берүүсүнө, шайлоочулардын так тизмесин түзүүгө, жер-жерлердеги шайлоо комиссияларына тийиштүү жардам берүүгө милдеттендирилет. Андан сырткары, байкоочулардын билдирүүлөрүнө өз убагында жооп берип же чара көрүүгө, шайлоо учурунда коомдук тартипти көзөмөлдөөгө, жабдыктарды коргоого алуу иштери да жасалышы керек.
Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык, ЖК депутаттарын шайлоо үстүбүздөгү жылдын 4-октябрына белгиленди. Күздө боло турчу шайлоодо жарандар биометрикалык маалыматтары аркылуу гана добуш бере алышат.