БИШКЕК, 27-июль — Sputnik. Ак-Талаа районунун Жээнтай айыл аймагында мал кайтарып жүргөн жаран таап алган снарядды ӨКМ менен Коргоо министрлигинин адистери зыянсыздандырды.
Жарылбай калган бул ок Казарман — Актал-Чат унаа жолунун 80-чакырымынан (Кара-Коо ашуусу) бир жума мурда табылган.
Аны алты күндөн кийин Коргоо министрлиги менен ӨКМдин зыянсыздандырган.
"Кара-Коо ашуусундагы малчыларга жана алардын мал-жандыктарына зыян келтирилген жок", — деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматынан.
Июндун башында да Калашников автоматынын окторун жана эки гранатаны жылкы издеп жүргөн жергиликтүү тургун Бишкек — Ысык-Ата жолунун 48-чакырымындагы аймактан таап алган.