00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Хорека Клуб» о том, почему кафе больше не могут работать без 15% за обслуживание
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Вивальди и тысячи труб: как орган снова становится модным
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Укук коргоочулар: акыйкатчыны шайлоону күзгүгө жылдыруу ЖК кызыкчылыгына төп келет

Жазылуу
Укук коргоочулардын айтымында, бир катар мыйзамдын бузулушуна карабастан күзүндө боло турган акыйкатчыны шайлоо аталган процесске олуттуу көңүл бурууга мүмкүнчүлүк берет.

БИШКЕК, 21-июль — Sputnik. Кыргызстандын укук коргоочулары Жогорку Кеңештин акыйкатчыны шайлоону күз мезгилине жылдырышын түшүнө бербей тургандыктарын билдиришти.

Конференция залы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Укук коргоочулар акыйкатчы болууга талапкерликтерин көрсөтүүгө даярданууда
Шейшемби күнү Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Раатбек Ешмамбетов акыйкатчыны шайлоо үчүн фракциялардын жана комитеттердин жыйналыштарын өткөрүү зарыл экенин белгилеп, парламент төрагасы Асылбек Жээнбековго кат жөнөткөн. Ага ылайык, кезексиз сессияны чакыруу үчүн президент, өкмөт же Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринен кем эмеси сунуш кылышы керектиги айтылып, учурда кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө сунуш келип түшпөгөнүн, кезексиз сессия өткөрбөй туруп фракциялар, комитеттер акыйкатчыга талапкерлер боюнча чечим кабыл алышы мыйзамсыз болуп калары маалымдалат. Мындан улам Ешмамбетов акыйкатчыны шайлоо маселесин 2015-жылдын 1-сентябрынан кийин кароону сунуштап, төрага катты фракция лидерлерине жана Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин кароосуна жиберген.

Укук коргоочулар мында мыйзамдын жана ЖК регламентинин бузулушун белгилешүүдө.

Рита Карасартова, укук коргоочу:

— Таң калычтуу чечим, бирок биз буга даяр болчубуз. Балким, акыйкатчыны деле шайлоону күз мезгилине калтыруу үчүн мурдагысы кызматынан алынгандыр. Мен ЖК мыйзам чегинде иш алып бара албай турганына көнүп деле бүттүм. Депутаттар кааласа, мындан маанилүү иштерди бир эле отурум менен чечип коюшат. Демек, акыйкатчыны шайлоо азырынча кереги жок нерсе.

Атыр Абдрахматова, укук коргоочу:

— Мен акыйкатчылыкка талапкерлигимди көрсөтүп үч фракцияга арыз таштадым, бирок биринен да азырынча жооп келе элек. Шайлоонун күзгүгө жылдырылышын ар кандай чечмелесе болот. Юридикалык көз караштан алганда, парламенттин бул чечими дыкат каралышы керек, ошондо мыйзам бузуу болгон-болбогону аныкталат. Буга чейинки болгон шайлоолордон депутаттар сабак алышы керек болчу. Балким, бул тескерисинче жакшы жөрөлгөдүр. Күзүндө депутаттар шайлоо процессине олуттуу мамиле жасаса керек.

Динара Ошурахунова, укук коргоочу:

Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчыны шайлоо маселесин 1-сентябрдан кийин кароо сунушталды
— Бул депутаттардын биринчи жолу мыйзам бузуп жатышы эмес. Акыйкатчыны шайлоо – бул өтө деле маанилүү иш-чара эмес. Мындан улам жарандык активдүүлүктүн төмөн болушу кадыресе көрүнүш. Күзгүгө жылдырылганы жакшы болду. Анткени шайлоо процесстин өзүн дагы бир сыйра талдап алууга шарт түзүлөт. Мындан тышкары, бийликтин сөзүнөн чыкпаган эмес, чыныгы кесипкөй адамды тандоо керек.

Үстүбүздөгү жылдын 25-июнунда өткөн кезектеги жыйында ЖК Акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин баяндамасын жактырбагандыгына байланыштуу ал ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Мыйзамга ылайык, жаңы Акыйкатчы бир айлык мөөнөттө, б.а. 2015-жылдын 25-июлуна чейин тандалышы керек болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0