Акыйкатчыны шайлоо маселесин 1-сентябрдан кийин кароо сунушталды

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүПортфель. Архив
Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ешмамбетов учурда демилгеге укуктуу бир дагы субъектиден аталган маселе боюнча кезексиз сессия чакыруу жөнүндө сунуш түшпөгөнүн, кезексиз сессия өткөрбөй туруп фракциялар, комитеттер Акыйкатчыга талапкерлер боюнча чечим кабыл алышы мыйзамсыз болуп каларын билдирет.

БИШКЕК, 21-июль — Sputnik. Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Раатбек Ешмамбетов парламент төрагасы Асылбек Жээнбековго Акыйкатчны шайлоо маселесин 2015-жылдын 1-сентябрынан кийин кароону сунуштаганын ЖК маалымат кызматы билдирет.

Конференция залы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Укук коргоочулар акыйкатчы болууга талапкерликтерин көрсөтүүгө даярданууда
Үстүбүздөгү жылдын 25-июнунда өткөн кезектеги жыйында ЖК Акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин баяндамасын  жактырбагандыгына байланыштуу ал ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Мыйзамга ылайык, жаңы Акыйкатчы бир айлык мөөнөттө, б.а. 2015-жылдын 25-июлуна чейин тандалышы керек.

30-июнда Жогорку Кеңеш акыркы сессиясын өткөрүп, 1-сентябрга чейин эс алууга чыккан. Билдирүүдө учурда фракциялар жана комитеттер өз жыйналыштарын өткөрө албай турганы айтылат.

"Акыйкатчыны шайлоо жол-жобосун сактоо үчүн фракциялардын жана комитеттердин жыйналыштарын өткөрүү зарыл. Кезексиз сессияны чакыруу үчүн президент, өкмөт же Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринен кем эмеси    сунуш кылышы керек", — деп айтылат билдирүүдө. 

Ал эми кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө сунуш кароого сунушталган маселелердин жана өткөрүү мөөнөттөрүнүн себептерин көрсөтүү менен төрагага жөнөтүлөт. Ешмамбетов учурда аталган маселе боюнча демилгеге укуктуу бир дагы субъектиден кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө сунуш келип түшпөгөнүн, кезексиз сессия өткөрбөй туруп фракциялар, комитеттер Акыйкатчыга талапкерлер боюнча чечим кабыл алышы мыйзамсыз болуп каларын билдирет. 

"Ошондой эле “КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамынын 43-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, жыйналыштардын күн тартибие кирген маселелери боюнча материалдар Жогорку Кеңештин жыйналышына чейин үч күндөн кем эмес мөөнөттө  депутаттарга таратылышы керек. Мындан улам, Акыйкатчыны шайлоо маселесин 2015-жылдын 1-сентябрынан кийин кароону сунуштаймын", — дейт аппарат жетекчиси.

Жогорку Кеңештин төрагасы Жээнбеков бул катты тааныштыруу үчүн  фракция лидерлерине жана Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин кароосуна жибергени айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0