Кочкор районунда катталган жол кырсыгынан айдоочунун энеси каза болду

Жазылуу
Бишкек – Торугарт кан жолунун 156-чакырымында жеңил машина жол кырсыгы кабылып, бир жаран жаракат алып, экинчиси каза болгон.

БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. Кочкор районунда катталган жол кырсыгынан айдоочунун энеси каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бишкек – Торугарт жолунун 156-чакырымында Кубаакы ашуусунда DAEWOO-Lanos жеңил унаасы жол кырсыгына кабылган. Анын кесепетинен машинанын ээси 48 жаштагы Койчуман Асанов катуу жаракат алып Кочкор райондук ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочунун 75 жаштагы энеси окуя болгон жерден каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0